Кыргыз-казак чегарасында абал оорлошту

284
0

Кыргыз-казак чегарасында абал оорлошту

“Sputnik” сайтынын кабарына таянсак, кыргыз-казак чегарасындагы көзөмөл-өткөрмө пункттары күчөтүлгөн тартипте иштей баштаган.

Кыргызстан чегара кызматы: “2017-жылдын 10-октябрында саат 18:00дөн баштап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарын жана жарандарды өткөрүү чектеш мамлекеттер тарабынан күчөтүлгөн тартипте ишке ашырылып жатат.

Буга байланыштуу мамлекеттик чек арада жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана транспорт каражаттарынын агымы топтолууда”, – деп кабарлады.

Кыргызстан чегара кызматы Кыргызстан тараптан эч кандай чектөөлөр болбогонун билдирген.

 Кыргызстан чегара кызматынын билдиришинче, кыргыз-казак чегарасындагы “Чон-Капка”, “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” жана “Чалдовар”  пункттарында көзөмөл күчөтүлгөн.

 “Азаттык” радиосу кабарлагандай, 11-октябрда казак тарап “Кордай” көзөмөл пунктуна блокпостторду орноткон, автомашиналарды текшерүүгө куралдуу аскерлер да тартылган.

 Чегарада көзөмөлдүн күчөшү президент Алмазбек Атамбаев шайлоого байланыштуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди кескин сындагандан кийин жүз берди.

 Өз кезегинде Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагынтаев “Facebook”тагы расмий баракчасында: “Биз эч качан чектөө чараларын кабыл алган эмеспиз. Ошол эле маалда бул жылдар аралыгында биздин өлкө кыргыз элине жардам берип, Кыргызстан жетекчилеринин өтүнүчтөрүнө түшүнүү менен мамиле кылып келген”, – деди.

Туркистон:

Кыргызстан жана Казакстандын президенттери таарынышып калды. Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кабыл алып, аны менен маектешти. Маек учурунда Назарбаев Бабановго “мен Кыргызстанга жаш жана тажрыйбалуу президент келишин каалайт элем” деген маанидеги сөздөрдү айтты. 

Кыргызстан президенти болсо, Назарбаевдин бул ишине жооп катары, анын карып калгандыгына ишара кылып, анын ордуна жашыраак жетекчи келиши жакшыраак болмок дегендей маанидеги билдирүү менен чыкты. О.э. Казакстан президентин Кыргызстандын ички ишине аралашып жаткандыкта айыптап, эгерде өзүн оңдоп албаса, аны менен башкача сүйлөшөмүн дегендей сөздөрдү айтты.

Натыйжада, бир нече күндөн бери кыргыз-казак чегарасы өтө катуу көзөмөлдөнүп, Назарбаевдин жашыруун буйругу менен дээрлик жабык турат. Жүздөгөн жүк машиналар атайылап өткөрүлбөй, ар түрдүү шылтоолор менен тосуп коюлду. Транзиттик жүк машиналардагы мөмө-жемиштер чирий баштады. Мындан эки өлкө тең миллиондогон сомдук зыян тартып жатат. Мындан тышкары, бул абалдан жеке ишкерлер жана мигранттар о..э. жашоо деңгээли өтө төмөн болгон карапйым жарандар кыйынчылыкка дуушар болууда. Ушулардын бардыгы эки президенттин чектен чыгуусу, текебердиги жана өздөрүнүн амбицияларын элдин кызыкчылыгынан жогору коюусу себептүү болууда.

Атамбаевдин чектен чыгып, орунсуз сөздөрдү  айтып жиберүү менен, айланасындагы саясий элита эле эмес, өзүнөн бир нече эсе кубаттуу жана таасирдүү болгон чет өлкөлөрдүн жетекчилери менен да мамилесин бузуп алууда. Негизи Кыргызстан, экономикалык, географиялык жана саясий жактан тышкы мамлекеттер менен алака кылууга мажбур.

Казак президенти болсо, өзүнүн дарегине айтылган – орунсуз болсо да – акыйкатка жакын сөздөр үчүн өз элин жана Кыргызстан жарандарын кыйнай баштады. Мамлекеттен өтүп бара жаткан Кыргызстандын транзиттик жүктөрүн дээрлик токтотуп койду. Казакстандагы кыргызстандык  мигрантардын көпчүлүгүн депортация кыла баштады.  Президенттерибиз өздөрүн падышалардай сезип жатышат!

Атамбаевдин сөздөрүнөн логика жана бирер саясий кызыкчылык негизиндеги максат издөөнүн кереги жок. Бирок, анын бул жолку Назарбаевге каршы сүйлөгөн сөздөрү Казакстан оппозициясы тарабынан жылуу кабыл алынгандай болду. Бул болсо, Назарбаев режимине каршы провокациялык аракет катары бааланды. Негизи, Кыргызстандын Казакстан бийлигине басым өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок. Назарбаев Атамбаевге ушуну түшүндүрүп коймокчу болууда. Шайлоонун алдындагы Атамбаевдин бул катасы Назарбаевге жана Кыргызстандагы оппозициялык күчтөргө өтө пайдалуу болду. Себеби, эми шайлоодо Жээнбеков президенттикке өтүп кетсе, кыргыз-казак чегарасы мурункудан катуураак болушу күтүлүүдө. Бул болсо, Кыргызстан жарандарынын кызыкчылыгына тескери көрүнүш. Казак бийлигинин Кыргызстанга басым өткөрүү мүмкүнчүлүгү өтө жогору.

Атамбаев катуу ишенип алган Россия болсо бул иштерге дээрлик аралашпайт. Себеби, Путин эртең эле бийликтен кете турган Атамбаев үчүн, стратегиялык жактан өтө маанилүү мамлекеттин жетекчиси Назарбаев менен мамилени бузбайт. Демек, Атамбаев Назарбаевден расмий түрдө кечирим сурабаса, мамлекеттин шайлоо учурундагы жана шайлоодон кийинки абалы өтө начарлашы күтүлөт. Себеби, Атамбаев режими үчүн шайлоодон Жээнбековду өткөрүп алуу бир проблема болсо, андан кийин мамлекеттеги абалды тынч кармап калуу андан да маанилүү проблема болуп турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here