Жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына таъзия

302
0

Жол кырсыгында каза болгондордун жакындарына таъзия

 6-октябрь күнү Россиянын Владимир облусунда автобус менен поезд кагышкан жол кырсыгы себептүү каза болгон өзбекстандыктардын саны тууралуу акыркы маалыматтар берилди.

Өзбекстан республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, аталган жол кырсыгында 16 адам каза болуп, алардан 15 адам Өзбекстан жараны экендиги айтылууда.

Өзбекстандын Россиядагы элчиси Баҳром Ашрафхонов да кырсыкта каза болгон Өзбекстан жарандарынын саны 15 адам экендигин тастыктаган.

Анын маалыматына таянсак, дагы 5 өзбекстандык жаран түрдүү жарааттар менен ооруканага жаткырылган. Алардын экөө жаш балдар болуп, бири 1,5 жашта, ал эми экинчиси 3 жашта. Дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калуу үчүн аракет кылышууда.

Казакстан аймагынан Россияга жолго чыккан автобуста жалпысынан 58 адам болуп, алардан 56 адам Өзбекстандын жарандары болгон.

Туркистон:

Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз” [2:156]

 Биз, Туркистон сайтынын кызматкерлери Аллахтын казасына ыйман келтирген абалда, Ырайымдуу Аллахтан адал ырыскы табуу максатында мигрант болууга айласыз болгон, а бирок, күтүүсүз кырсык себептүү каза болгон өзбекстандык боордошторубуздун күнөөлөрүн магфират кылып, кылган солих амалдарын өздөрүнө шерик кылышын сурап калабыз.

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүнүн атынан алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Аллах сиздерди сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

Сабыр кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге [8:46]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here