Түркияда Идлиб шейиттери үчүн гоибана жаназа намазы окулду

300
0

Түркияда Идлиб шейиттери үчүн гоибана жаназа намазы окулду

Жума күнү Түркиянын Анкара, Стамбул, Бурса, Мерсин, Газантер, Адана, Шанлиурфа жана Коня шаарларында жума намазынан кийин Сириянын Идлиб шаарында өлтүрүлгөн мусулмандар үчүн гоибана жаназа намазы окулду. Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты уюштурган гоибана жаназа намазынан кийин Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар Идлибдеги мусулмандарга карата Россиянын кыргындары жана Асад күчтөрүнүн канкордуктары жөнүндөгү “Идлиб кыргын кылынууда, сүкүт сактоо менен канкорлорго шерик болбо” деген темадагы басма сөз билдирүүсүн окуп  берди.

Билдирүүдө демократия жана илманийликти четке кагып, бир гана Аллахтын өкүмүн талап кылган мусулмандар куфр тарабынан террорист деп жарыя кылынганына жана алардын үстүндө түрдүү куралдарды сыноодон өткөрүлүп жатканына басым жасалды. О.э. Ислам өлкөлөрүнүн башчыларына, мусулман армиялардын командачыларына, Исламий аалым жана муфаккирлерге, массалык маалымат  каражаттары жана бардык мусулмандарга өз-өзүнчө кайрылуу жасалды. АКШда же батыш мамлекеттеринде – Лас-Вегастагы сыяктуу – бирер окуя жүз берип, бир топ адамдар өлгөн болсо, Ислам өлкөлөрүнүн башчылары дароо тилектештик билдириши, ал эми Идлибде бир айдын ичинде үч миңден ашуун мусулман өлтүрүлсө да, алардын сүкүт сактап турушу караланды.

“Жүз миңдеген адамдар өлтүрүлдү. А бирок, силер ушул кыргынды ишке ашырган мамлекеттер менен достугуңарды улантып жатасыңар. “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү шылтоосунда АКШ башчылыгындагы коалицияга кошулдуңар, авиа базаларды, портторду кафирлерге ачып бердиңер. Бул да жетишпегендей, учактарыңар менен аскерий операцияларга катыштыңар. Ал эми мусулмандар үчүн качан аракетке келесиңер? Силер козголушуңар үчүн дагы канча мектеп, дагы канча оорукана, дагы канча мечит бомбаланышы керек? Дагы канча мусулман өлтүрүлүшү керек?” – деп айтылат билдирүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here