Баатыр эне Асаналиева Назиранын сотуна чакырабыз!

426
0

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Белгилүү болгондой 11 баланын энеси 12-баласын күтүп жаткан Асаналиева Назира 2017-жылдын 26-сентябрында райондук соттун адилетсиз өкүмү себептүү 3 жылга эркинен ажыратылган. Апелляциялык инстанциянын негизинде облустук сотто экинчи отурум каралат. Экинчи отурум 9-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Кара Кол шаарындагы облустук соттун имаратында болмокчу. Кайдыгер карабаган баардык жарандарды сот отурумуна келип, адилеттүүлүктү талап кылууга чакырып кетебиз. Облустук соттун дареги Тыныстанов – 15. Асаналиева Назира Ысык Көл облусуна караштуу Түп районунун тургуну. Анын үйүнө 2016-жылдын 5-мартында УКМКнын жана Түп РИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери келип, үйдү тинтүүгө алган. Тинтүү учурунда анын үйүнөн онго жакын китеп табылган. Экспертизанын жыйынтыгында бул китептерге муфтият тарабынан уруксат берилгени аныкталып, бир китеп Хизб ут-Тахрир партиясына таандык деген тыянак чыгарылган. Назира Асаналиева жана анын өмүрлүк жолдошу Нурмат Асаналиевдер 2017-жылдын 26-сентябрындагы соттук отурумда, табылган китеп аларга тийиштүү эместигин айтышып, Назира Асаналиеванын 3 айлык боюнда бар экендиги туурасында (УЗИнин) тыянагын көрсөтүшкөн. Жергиликтүү депутаттар менен тургундар тарабынан дагы жакшы мүнөздөмө берилген. Жыйынтыгында сот Назира Асаналиеваны 3 жылга эркинен ажыратуу туурасында өкүм чыгарган. Сот отурумунда бир да күбө, аталган китепче Назира Асаналиеванын үйүнөн чыкканын далилдей алган жок. Мындан тышкары, тергөө органдары тарабынан одоно түрдө мыйзам бузуулар менен кылымыш иши козголгон. Ал эми сот отурумунда 8 мыйзам бузуу катталгандыгына карабастан, баатыр энени 3 жылга камакка алышты. Урматтуу Мекендештер, мындай таш боордук тарыхта болгон эмес… Мусулмандар бүтүп, эми мусулман аял затына кысымдар башталдыбы? Же экстремизм менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн гранттарды көбөйтүү аракетиби? Убактылуу бийликтин кооздугуна алданган атка минерлер ойлонгула! Силер бүгүн кыргыздын санын көбөйтүп, ак эмгеги менен балдарын баккан, баатыр эненин күйүп турган очогун өчүрдүңөр. Энесин күүп, саргара жашын төгүп жаткан жаш балдардын убайына калдыңар! Кудайдын каарынан корккула!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here