БУУ: Аракан качкындары үчүн 430 миллион доллар керек

266
0

                БУУ: Аракан качкындары үчүн 430 миллион доллар керек

Бирма армиясынын жана куралдуу буддисттердин массалык кыргындарынан Бангладешке качып өткөн Аракан мусулмандарынын негизги муктаждыктары үчүн 430 миллион доллар керек. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын гуманитардык маселелер боюнча жардамчысы Марк Лоукок менен ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтони Лейк Бангладештеги качкындар лагерине барып келгенден кийин билдиришти.

Билдирүүдө: “Адамдар ачка жана суусуз, сарсанаага түшүп калган. Аларга башбаанек, тамак-аш, таза суу жана медициналык кызматтар сыяктуу шашылыш жардамдар керек”, – деп айтылат.

БУУ жарыя кылган отчётко ылайык, бутпарас Мьянма бийлигинен жана анын армиясынан качып Бангладештен башбаанек тапкан аракандык мусулмандардын саны 507 000ге жеткен.

Түркия тышкы иштер министрлиги, эгерде Бангладеш аракандык качкындарды кабыл ала турган болсо, чыгымдарды Түркия көтөрө тургандыгын билдирген эле. Акыркы маалыматтарга ылайык, Бангладеш бийлиги бутпарастардын зулумунан качып келген мусулман качкындарды өлкөсүнө кайтаруу үчүн кошуна Бирма өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул тууралуу Бангладеш тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдирген.

Хизб ут-Тахрирдин Түркиядагы маалымат кызматынын жетекчиси Махмуд Кардын билдиришинче, Аракандагы кыргындар да, дүйнөнүн башка жерлериндеги жырткычтыктар да БУУ аркылуу чечилбейт, тескерисинче, бул проблема зулумга каршы армияларды аттандыруу менен чечилет.

 “Араканда мусулмандарга кылынган зулумдар, Ислам дүйнөсүндөгү башка жерлерде жүз берип жаткан зулумдардан ашып кетти. Бул нерсе Аллах Тааланын Ислам өлкөлөрүндөгү жетекчилерге карата:

وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنْ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ الَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْ هَذِهِ الْقَرْيَةِ الظَّالِمِ أَهْلُهَا وَاجْعَل لَنَا مِنْ لَدُنْكَ وَلِيًّا وَاجْعَل لَنَا مِنْ لَدُنْكَ نَصِيرًا

Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана «Роббибиз, бизди тургундары залим болгон бул шаардан азат кыл жана бизге Өз алдыңдан бир дос бергин, бизге Өз алдыңдан бир жардамчы кылгын», деп жаткан эркектер, аялдар о.э. балдардан турган бечаралар(ды азат кылуу) жолунда согушпай жатасыңар?!” – деген сөзүн эске түшүрөт.

Аллах Таала бул аятта сүрөттөгөн аялдар, жаш балдар жана эркектерди Араканда, Палестина, Сирия, Кашмирде жана зулумга дуушар болгон өлкөлөрдүн баарында көрүп жатабыз. Алар зар какшаган абалда өз өлкөсүнөн куугунтукталууда. Мусулман өлкөлөрдүн башчыларына кайрылышса да, алар сүкүт сактаган абалда турушат. Ко-ош, эмне кылыш керек, ким жоопкер? Мусулман адамдарбы, же Исламий коомдорбу, же мамлекеттик эмес уюмдарбы, же Исламий аалымдарбы? Бул  жерде баарыбыз жоопкербиз! Мусулмандарга келсек, алар жеке адам катары, жамаат катары, аалым катары колунан келишинче аракет кылышууда. Жардам берип, дуба кылышууда, нааразылык билдирип, мазлумдарды колдоп-кубатташууда. Ал эми, эң чоң жоопкерчилик мамлекеттердин жана жетекчилердин мойнуна түшөт. Себеби, Араканда мусулмандарды Бирма мамлекети кыргын кылууда. Сирияда куфр мамлекеттери жана Асад режими мусулмандарды өлтүрүүдө. Демек, мамлекеттин каршысына мамлекет чыгып, армияга каршы армия күрөшүүсү керек. Бүгүн Ислам өлкөлөрүнүн башчылары Аракандагы окуяларды жөн гана күзөтүп турушат. Түркия бир нече расмий билдирүүлөрдү берип, бардыгында проблеманы БУУга сунуштады. БУУга сунушталган маселелер мусулмандар үчүн кымбатка түшөрүн жакшы билебиз. Ошол себептен улам, мусулмандар өз жетекчилеринен олуттуу кадамдарды таштоону талап кылышы керек. Гуманитардык жардамдар, БУУну көзөмөл кылууга чакыруу же катуу каралоолор зулумдарды токтотпойт. Демек, мамлекет жана армиялар олуттуу кадамдарды ташташы керек”, – деди Хизб ут-Тахрирдин Түркиядагы маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here