Трамп: Афганистан террорчулар үчүн бизнес мектеби

210
0

Трамп: Афганистан террорчулар үчүн бизнес мектеби

АКШ президенти Дональд Трамп Афганистанды өзү 1968-жылы бүтүргөн Пенсилвания университетинин Уортон бизнес мектебине салыштырды.

 О.э. буга чейин Америка бюджетиндеги аскерий чыгымдарды кыскартууну каалаганын билдирди. Бирок, генералдар Трампты Афганистанда террорчу уюмдар көптүгү себептүү аскерий бюджетти кыскартуу чечими “коопсуз” болбостугуна ишендиришкен.

Генералдар ага “жашыруун маалыматты көрсөтүшкөн”, ошондон кийин президент АКШнын согушкерлерди Афганистандан “чыгарып жибербестиктен башка чарасы жок” деген тыянакка келген. Антпесе, АКШ 2001-жыл, 11-сентябрдагы сыяктуу террордук чабуулга дуушар болушу мүмкүн.

 “Дүйнөлүк соода борборунун имараттарына чабуул кылгандар Афганистанда даярдыктан өтүшкөн”, – деген Трамп.

Анын айтымында, Афганистан “террорчулар үчүн Уортон бизнес мектебине окшойт”.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here