АКШнын Афганистандагы стратегиясы

254
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

АКШнын Афганистандагы стратегиясы

Суроожооб

Суроо:

2017-жылдын 15-августунда «Талибан» кыймылы, Америка Афганистандагы куралдуу күчтөрүн толуктоонун ордуна, аскерлерин толук түрдө чыгарып кетүүсүн талап кылган кайрылуу катын Америка президентине жолдоду. («Russia Today», «РИА» новости, 2017-жыл, 15-август). Бул Трамптын Афганистан боюнча кабыл алып жаткан жаңы стратегиясына каршы жооб катары болду. Талибан Америка кайрадан аскерлерин Афганистанга жөнөтүшүнөн кабатырланып жатат. Анткени, Ак үйдөгү жооптуулар Американын бул жаңы стратегиясы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү бере башташты. 2017-жылы 10-августта жогоруда аты аталган булак Трамптын журналисттерге берген билдирүүсүн басып чыкты. «Трамптын админстрациясы «абдан жакынкы» аралыкта Афганистан боюнча жаңы стратегия кабыл алаары тууралуу айтты… Бул мен үчүн өтө чоң чечим. Мен баш аламандыкты мурас кылып алдым. Биз аны сезилээрлик даражада азайтууга аракет кылабыз». Ушулардан көрүнүп тургандай, Америка Афганистан боюнча жаңы стратегия кабыл алып жатабы? Бул жаңы стратегия, Америка жаңы куралдуу күчтөрүн Афганистанга жиберүүсүн камтыйбы же аскер жибербестен Пакистандын же Индиянын ролун Афганистанда күчөтүүсүн камтыйбы? Аллах сизге жакшылыктарын ыйгарсын.

Жооб:

Ооба, бүгүнкү күндө Америка Афганистан боюнча өзүнүн стратегиясын кайрадан караштырып жатат. Тагыраагы, «акыркы этап» деген аталышта Афганистанга кайрадан кирүүгө аракеттенип жатат… Трамп Афганистандагы Америка аскерий жетекчилигине да ачууланды. 2017-жылы 3-августта «Reuters» кабар агенттиги, Америка президенти Трамптын Америка аскерий жетекчилери менен Вашингтондо чыңалуу үстүндө өткөн жолугушуусу тууралуу басып чыкты. Жолугушуу, Трамп Америка коргоо министири Жейм Матиске, генералдык штабдын мүдүрү Жозеф Данфордго, Американын Афганистандагы аскерий жетекчиси Никсонду жумуштан алууну караштыруулары зарыл экендигин айткандан кийин чыңалуу алкагында өттү. Трамп Никсонду согушта ийгиликке жетише алган жок деп айыптады. Мына ушундайча Трамп Американын Афганистанда жүргүзүп жаткан согушуна шектүү карай баштады. Обама админстрациясы болсо дагы Американын Афганистан боюнча стратегиясын кайрадан караштырып чыкмак. Болгону азыр Трамптын админстрациясы кайрадан караштырып жатат. Американын стратегиясын кайра караштырып чыгуусуна, эл аралык көйгөйлөрдүн татаалданып жатышы жана анын дүйнөдөгү ордуна көлөкө түшүп жатышы себеп болууда. Ал төмөнкүдөй:

Биринчиден, Америка 11-сентябрь окуясынын шылтоосу менен Афганистанга каршы согуш жарыялады. Бул иш ошол убактагы кичүү Буш админстрациясындагы республикачылар тарабынан жүргүзүлгөн. Андан кийин 2003-жылы Иракка бастырып кирип аны басып алды. Америка Ирак кумуна көмүлүп калды жана андан чыгып кетүүгө аракет кыла баштады. Ушул себептен улам, Афганистандагы алып барып жаткан согушу экинчи орунга жылып калды. Ал баардык күчүн Ирак сазынан чыгып кетүүгө жумшады. Ирактагы каршылык кыймылы Буш админстрациясынын, кийин Обама админстрациясынын баш оорусуна айланды. Обама админстрациясынын жетишкендиги катары Америка куралдуу күчтөрү 2011-жылы Ирактан чыгарылды. Ушул мезгилге келип Америка эл аралык майданда Кытайдын төбөсү көрүнө баштагандыгына каршы жаңы стратегия кабыл ала баштады. Бул маселе Обама админстрациясынын экинчи мөөнөтүнө дал келди. Американын бул жаңы стратегиясы бышып жетиле электе, балким ал даярдалып жаткан маалда Араб дүйнөсүндө жүз берген ыңкылаптар Американын ал жактагы таасирине коркунуч жарата баштады. Айрыкча, Сирияда ушундай абал жүз берди. Америка араб дүйнөсүндө жүз берген бул ыңкылаптардын коркунучуна каршы бар күчүн жумшоого өттү. Айрыкча, Сириядагы ыңкылап коркунучуна каршы жан үрөп бүткүл кубатын жумшады. Ошондой эле Ыраакы Чыгыштагы Кытайга каршы иш алып бурууну улантты. Америка ишти Кытай аралдарын моюнга алуудан баш тартуу жана Жапонияны аскерийлештирүүнү жандандыруу менен баштады. Андан соң, Түндүк Кореяны козутуу жолуна түштү. Ушул себептер Американын Афганистанда ийгиликсиздикке учурашына түрткү болду. Американын Афганистанда согуш алып баруусу экинчи маселеге айланды. Ошондуктан, Афганистанда согуш алып баруу Америка үчүн негизги маселе болбостон, андан бөлөк маселелер анын көңүл борборунда болуп турду.

Экинчиден, Америка жана НАТО Афганистанда 16 жылдан бери согуш алып барса да ийгиликке жетише албагандыгы – Талибан жетекчилигиндеги «Афган каршылык кыймылынын» каршысында Америка толук ийгиликсиздикке учурагандыгын тастыктап турат. Талибан кыймылы 2001-жылы Американын Афганистанга бастырып кириши менен бийликтен кулаган эле. Ошентсе да Америка Афганистандагы малайларына туруктуулукту камсыздап бере албады. Бул да анын ийгиликсиздикке учураганын билдирип турат. Америка Афганистандагы каршылыкты токтотууга Индияны да аралаштырып, ишке салды. Бирок, ал да жардам бербеди. Пакистан аркылуу Вазиристанда согуш алып баруусу да жардам бербеди. Американын Афганистанда алып барган мындан башка иштери да ийгиликсиздикке учурашынан тосо албады. Талибан менен ымалага келишүү аракети да оңунан чыкпады.

Ошондуктан, Американын Афганистандагы 16 жылдык согушунан кийин анын Афганистандагы абалы аянычтуу абалга келип калды. Талибан кыймылы өлкө бойлоп күч алып барууда. Кабулдагы Америка малайы болгон өкмөттүн эч кандай таасири калбады. Талибан кыймылы баардык аймактарда, ошондой эле борбор калаа Кабулда да күчтүү чабуулдарды кылууга өттү. Америка аскерлери ал жерде коопсуздукту камсыздай албай калышты. Тескерисинче, Афган армиясында Америка тарабынан машыгуудан өткөрүлгөн жеке аскер бөлүктөрү Америка куралдуу күчтөрүнө каршы чабуулдарды уюуштуруп жатышат. Ошондуктан, Американын Афганистандагы ыкмалары чектелип калды.

Афганистандын азыркы абалы жана андагы коркунучтар жөнүндө Американын «Карнеги» фондунун 2017-жылы 22-майдагы отчётунда айтылды: «Афган өкмөтүнүн алсыздыгы себептүү көзөмөлгө алынбаган Талибан кыймылынын кайра кайтып келиши, Афган өкмөтүнүн биротоло кыйрашына алып келет. Бул болсо, баш аламандыктын кайтып келишине же террористтик жамааттардын жанданышына шарт түзөт». Ошентип, бул отчётто Афган күрөшүнө чек коюуга басым кылынды. Мунун себеби, Америка бул согушта жылына 23 миллиард доллар чыгашага учурап жаткандыгы эмес, Американын Афганистандагы ыкмаларынын түгөнүп баратканы.

Обама админстрациясы учурунда Америка аскерлеринин көп бөлүгү Афганистандан чыгарылганына карабастан, оң натыйжасын берген жок. Учурда Афганистанда Американын 10 миң аскери, 3 миң НАТО аскери, 20 миң Америка коопсуздук кызматкерлери тургандыгына карабастан, эч кандай алдыга жыла турган иш кыла алышпады. Тескерисинче, Талибан кыймылы Америка аскерлери таштап кеткен базаларды тез арада басып алууда. Америка малайы болгон Афган өкмөтүнүн аскерлеринин санынын көптүгүнө жана аларды Америка машыгуудан өткөргөндүгүнө карабастан, Кабулдан тышкары жакта бирер иш кыла албай калды.

Үчүнчүдөн, жогорудагылар Американын Афганистандагы аскерий тараптан ийгиликсиздикке учурашы болду. Ал эми саясий өңүттөн карасак, Америка Афганистанда ыкмаларынын түгөнүп бараткандыгын түшүнүп жетти. Индия Афган маселесинде ийгилик жарата албаганына көзү жеткен соң, Талибан кыймылын Афганистандагы америкачыл өкмөткө аралаштыруу үмүтү менен Талибан кыймылына сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштоого урунду. Талибан кыймылынын жетекчилерин сүйлөшүүгө тартуу үчүн Пакистан өкмөтүндөгү малайларын ишке салды… Бирок, бул аракеттеринен да майнап чыкпады. Америка Афганистан маселесинде аскерий жактан да, саясий жактан да ийгиликсиздикке учурады. Жада калса, Америка алдында бул маселеге чекит коё турган чечим да жок. Американын Афганистан маселесин чече турган планы жок болгондугу үчүн сын-пикирлер майданына айланды. «Интерфакс» кабар агенттиги Орусиянын ТИМинин билдирүүсүн басып чыкты: «Америка мамбашы Дональд Трамптын Афганистанга карата белгилүү бир саясий планынын жоктугу бул өлкөдө башаламандык, туруксуздук жаралышына түрткү болот. Афган мамлекетинин турктуулугу жана ал өлкөдө аскерий жактан аралашып жаткан НАТОнун позициясы да ушуга байланыштуу болот. Ошондой эле өлкөдөгү жалпы кырдаалды жөнгө салуу саясий пландын бар же жогуна байланыштуу болот…» («Россия сегодня», 2017-жыл, 3-август).

Төртүнчүдөн, Ушуларга негизделип Америка Афганистанда канчалык деңгээлде кризиске батып турганын жана ыкмалары түгөнүп бүткөнүн көрүүгө болот. Бирок Америка Афганистандагы согушту биротоло токтото албаса дагы басаңдатууга муктаж болду. Анткени, ал аскерий жана экономикалык потенциалын коротууну токтотууга уруна баштады. Американын кээ бир аскерий жетекчилери Афганистанда Талибан кыймылынын үстүнөн жеңишке жетишүү үчүн кошумча аскерий күч зарыл деп билишет. Трамп болсо алардын бул сунушун кабыл алуу үчүн Афганистанда тез арада чеке жылытаарлык ийгиликке жетишүүнү шарт кылды. Бирок, бул шартты аскерийлер аткара албайт. Анткени, алар 16 жылдык тажрыйбаларынын негизинде муну абдан жакшы түшүнүшөт. Трампты Афганистанда тез арада ийгиликке жетишүүгө түртүп жаткан нерсе Афган өлкөсүндөгү эбегейсиз кен байлык. Америка бул байлыктардын баасын триллион доллар деп баалаган. Буга кошумча, Афганистан Орто Азиядан келген мунайга коридор боло алат. «Аль-Дустур» газетасы «Нью-Йорк таймс»тын цитатасын басып чыкты: «Мүмкүнчүлүктөрдү караштырып чыгуу үчүн Ак үй Афганистандагы тоо-кен жооптуулары менен жолугуп келүүгө өзүнүн атайын өкүлүн Кабулга жөнөтүүнү караштырып жатат. Буга кошумча, өткөн аптада Ак үйдө Афганистан жаатындагы саясат маселеси боюнча талаш-тартыштуу жыйын болуп өттү. Трамптын белгилүү үч жардамчысы Афганистандагы аз кездеше турган кен байлыктарды казуу иштерин талкуулоо үчүн «Американ Elements» химиялык компаниясынын жетекчиси Майкл Силвел менен жолугушуу өткөрдү». Бирок, кошумча аскерий күчтү жиберүү жана кен байлыктарды иштетүү жеңил болушу үчүн Афганистандын темир жол сыяктуу инфрастуктурасын өнүктүрүү керек. Бул коопсуз чечимдердин катарына кирбейт. Ал тургай Трамп ойлогондой соода келишимин кылуу да мүмкүн эмес. Анткени ал кен байлыктардын көпчүлүк бөлүгү талибдер көзөмөлдөгөн аймакта жайгашкан…

Жогорудагыларга негизделип айта турган болсок, Трамп админстрациясы Афган малай өкмөтүн кулап калуудан сактап туруу үчүн Америка аскерлерин Афганистандагы аскерий базалардан тышкары чыгарбай кармап туруу ыкмасын колдонот. Афганистан маселесине аралашууда Индия ийгиликсиздикке учурады. Эми Америка Пакистанды кайрадан Афган маселесине аралашууга тартат. Американын ушул аракетинин баардыгы Афган козоголоңун токтотуу жана талибдерди Кабулдагы америкачыл өкмөткө аралаштырууга каратылган. Тактап айтканда, узакка созулган Америка согушун токтотуу… Мына ушундайча Америка Афганистандагы аскерий чыгашаларын кыскартууну жана коркунуч жаралган учурда гана аскерий базаларын ишке салууну каалап жатат. Анын Афганистандагы аскерий базалары кудум Булуң мамлекеттериндеги базалар сыяктуу иш аткарып калуусун каалап жатат. Буга кошумча Талибан кыймылы менен байланынышын үзө элек Пакистандагы жүгүртөк малайларына жардам берүү аркылуу талибдерди Америка шарттарына көндүрүүгө жол ачуу. Мындан Американын үмүтү зор. Буга чейин, Обаманын учурунда Америка Пакистанды ишке салуу менен ийгиликке жетишкен эле. Тагыраагы, Афган өкмөтү өлкөдөгү экинчи үлкөн радикал жамаат болуп эсептелген «Ислам партиясы» менен келишимге жетишкен. Кол коюуда партиянын жетекчиси Колбудин Хикматияр болбосо да Афган мамбашы Ашраф Гани менен куралдуу жамааттын өкүлдөрү келишимге кол коюшкан. («ВВС», 2016-жыл, 22-сентябрь). Мына ушул нерсе Американы «Талибан» маселесинде Пакистанды ишке салуусуна шык берди. Айрыкча, келишимге жетишилгенден кийин Хикматияр Кабулга кайтып келип, Талибан кыймылын Афган өкмөтүнө кошулууга чакыра баштады. «Афганистандагы исламий партиянын жетекчиси Колбудин Хикматияр «Талибан» кыймылынан Афган өкмөтү менен жетишилген келишимге кошулуусун талап кылды. Ал Кабулга келип, биринчи эл алдында сүйлөгөн сөзүндө чет элдик аскерлерди өлкөдөн тынчтык жолу менен чыгарууга жардам берүүгө Талибан кыймылын үндөдү». («Аль жазиира нет», 2017-жыл, 5-июнь).

Бешинчиден, көрүнүп тургандай Америка Кытай жаатында чоң коркунучка туш келди. Айрыкча, Түндүк Корея менен болгон алакасындагы чыңалуу күн санап күчөп жатат. Ошондой эле Сирия жааты да кооптуу абалда. Америка экономиканы жандантуу саясатында да толук ийгиликсиздикке учурады. Бул бир тараптан, башка тараптан болсо, Америка аскерлери Афганистанда ийгиликке жетүүдөн үмүтсүз абалга түштү жана жергиликтүү афган эли алдында Индия ролу да ийгиликсиздикке учурады. Хикматиярдын кайтуусу, Американы согуш менен ишке ашыра албаган ишти тынчтык келишими аркылуу ишке ашырууга үмүттөндүрүп койду. Ошондуктан, ал Афганистанда Пакистандын ролун кайрадан жандантууга чечим кылды. Пакистандын ичкерисинде же Афганистан менен чектеш аймактарда Пакистан аскерлеринин чабуулдарын басаңдаты. Пакистандын жаңы аскерий жетекчиси Баджа акыркы сегиз ай ичинде өзүнөн мурунку аскерий жетекчи Рэйчел Шарифке карганда Пакистан армиясына көптөгөн аскерий операцияларды кылдырган жок. Рейчел Шариф Афганистан менен чектеш аймактагыларды «террористтер» деп атап аларга каршы ар түрдүү этапта аскерий амалияттарын ишке ашыруу менен белгилүү болгон. Баджанын учурунда чабуулдардын үнү Кашмир аймагында, Пакистан менен Индия аскерлеринин ортосунан угула турган болуп калды. Бул иштер ичкериде анын кадыр баркын көтөрүп, Талибан жетекчилери тарабынан кабыл алынышын шарттайт.

О.э Пакистан армиясынын жетекчиси Баджа «ИГИЛ»ге каршы күрөшүү шылтоосу менен Афганистанга жардам колун сунду. Башкача айтканда, «Терроризмге каршы күрөшүү» огун Талибан мужахиддери менен Вазирстандагы мужахиддерден ИГИЛге буруп койду. Бул иш аракет Афган өкмөтүндө да, Пакистандагы Рейчер Шарифге нааразы болгон урууларда Баджанын аброюн көтөрүүгө салым кошот. Баджа Талибан кыймылы менен Афган өкмөтүнүн ортосунда жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. «Пакистан армиясынын жетекчиси Жавед Баджа ИГИЛ коркунучуна каршы күрөшүү үчүн Афганистанга «коопсуздук кызматташуу» колун сунду. Бул эки кошуна мамлекет ортосунда сейрек кездеше турган эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсү болуп саналат. Генерал Баджа Афганистан менен коопсуздук кызматташуусун баштоо үчүн Афганистан чек арасына жакын жайгашкан «Пакистандын федералдык админстрациясы» катары таанылган уруулар жашаган Карам аймагында жума күнү жыйынга келди. Пакистан армиясынын жетекчиси сейрек кездешкен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча Кабулга кайрылуу жасап мындай деди: Эки өлкө үчүн «союз жана ойгоолук» керек. Биз мындай коркунучка каршы бирдиктүү, даяр жана ойгоо болушубуз шарт…» («Хвлииж Онлайн», 2017-жыл, 1-июль).

Баса белгилеп айта турган нерсе, Америка афгандарды айрыкча Талибан мужахиддерин жеңип өтүүдө алсыз болду. Афган мамбашы Саудиядагы самитте Трамп менен жолугушкандан кийин келишим тууралуу билдирди: «Эң зарыл нерсе Афган өкмөтү тынчтык келишимин каалайт. Талибан да ушуну тандашына үмүттөнөбүз. Эгер алар тынчтык келишимин тандашса, өздөрү каалаган нерсеге саясий жол менен мыйзам чегинде жетишишмек. Биз Талибанды терорчулардан оолак болот деп үмүттөнөбүз». («Аш шаркул Асвад», 2017-жыл, 25-май). Муну менен Америка «тероризмге» каршы согушуп жаткандардын катарында Талибан кыймылы жок экендигин билдирип, Талибанга ишара кылды. Тескерисинче, бул согушта Талибан Афган өкмөтү менен биргеликте согушуусу керектигин кыйытты. Кийин эгер Талибан ушундай кадамга барса, Америка куралдуу күчтөрун толук түрдө Афганистандан чыгып кетүүсүн талап кылып жаткан Талибандын талабы согуш жолу менен эмес, тынчтык жолу менен ишке ашуусу мүмкүн экендигине ишара кылды.

Алтынчыдан, корутундулап айтканда, Трамп Афганистан боюнча стратегияны кайра карап чыгуусу Америка саясаты дүйнө бойлоп корукунучка туш келип жаткан учурга дал келди. Жогорудагы айтылып өткөндөргө негизделип, Американын Афганистан боюнча стратегиясын кайра карап чыгуусу төмөнкүлөрдү өз ичине алат:

  • Афганистан майданында армияны ишке салуу бир топ басаңдайт. Америка аскерий базаларын коркунуч жаралаган учурда гана иштетүүгө чектелет. Ал муну менен ИГИЛге каршы күрөшүү үчүн калгандай көрүнөт;
  • Америка аскерлерин согушуу максатында Афганистанга жиберүүсү акыйкаттан алыс. Ал аскерлерин болгону кыска мөөнөткө жиберет, бирок согушуу максатында эмес. Американын аскерлерин сүйлөшүү айырбашы катары жиберүүнү максат кылууда. Тактап айтканда, Талибан чегинүүлөргө барып, Афган өкмөтү менен биргеликте өкмөт түзүүгө макул болуп, сүйлөшүүлөрдү кабыл алса, анын айырбашына Америка да «чегинүүлөргө» барат деген түр жаратып, Афганистандан аскерлерин чыгарып кетет. Ошол эле маалда аскерлерди чыгарып кетүү эч кандай Америка кызыкчылыгына дал келбесе дагы ал чегинүүлөргө барды деген түр жараттууну каалап жатат.
  • Талибанды азгырууну дагы да жеңилдетүү үчүн Америка Пакистан ролун кайра жандантууну башатады. Америка Талибанды Афганистандын малай өкмөтү менен сүйлөшүүлөргө барып, америкачыл саясий өкмөткө катышуусуна көндүрүү үчүн Пакистандын армиясына жаңы жетекчи дайындады жана ал жетекчи Талибанга карата жумшак мамиле кылууга өттү.

Жетинчиден, сөзүбүздүн акырында биз Талибан кыймылын Пакистандын малай акимдерине таянып калуудан же Пакистандын армия жетекчилиги Афганистанга карата жумшак мамиле кылуусуна азгырылып калуудан эскертебиз. Тарыхтан ибрат алуу зарыл. Пакистандагы малай акимдер болбогондо Америка Афганистанга кадам коё алмак эмес. Пакистан өкмөтүнүн Талибанга карата учурдагы жаңы саясаты – Афганистанда ашыкча аскерий чыгашага учурабастан, Афган өкмөтүн кулап калуудан сактоо. Бул максатын ишке ашыруу сценарийин Америка Пакистанга тапшырууда. Учурдагы Пакистандын жаңы акимдери да Америка планын ишке ашыруучулардын катарына кирет. Америка бирде туруп Пакистандагы малай акимдеринен Афган жихадчыларын кысымга алууну буйруйт. Обаманын планына ылайык Рейчел Шариф Вазирстанда өткөргөн аскерий операциялар сыяктуу. Америка бир туруп Талибанды аскерий күч кубат менен сүйлөшүүлөргө макул кылууга, күчү жетпегенде, Талибанды «сүйлөшүүлөргө» макул кылуу үчүн аны азгырууга буйруйт. Афганистандагы каршылык жихадын биротоло токтотуу максатында азыркы Пакистандын жаңы акимдери Трамптын планына ылайык Талибанды «сүйлөшүүлөргө» макул кылуу үчүн аны азгырып жатканы сыяктуу. Мына ушундай жол менен Америка Пакистан менен азгыруу аркылуу Талибанды сүйлөшүүлөргө тартууну көздөп жатат. Биз Америка жана анын малай жүгүртөктөрүнүн тузагына илинип же аларга таянып калуудан эскертебиз:

Ÿwur} (#þqãZx.ös? ’n<Î) tûïÏ%©!$# (#qßJn=sß ãNä3¡¡yJtGsù â‘$¨Y9$# $tBur Nà6s9 `ÏiB Èbrߊ «!$# ô`ÏB uä!$uŠÏ9÷rr& ¢OèO Ÿw {šcrçŽ|ÇZè?

«Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт»                                                                                  [11:113]

                                                                                                              24-зул-каъда, 1438-х.

                                                                                                                   16-август, 2017-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here