АКШ Мисирге 100 миллион доллардык жардам берет

202
0

АКШ Мисирге 100 миллион доллардык жардам берет

АКШ менен Мисирдин ортосунда 100 миллион доллардык жардам боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу АКШнын Каирдеги элчилиги тараткан билдирүүдө айтылды.

Билдирүүдө: “Эки мамлекет ушул аптада кол койгон келишимдер Мисир өкмөтү үчүн экономикалык реформаларды өткөрүү жана жеке менчик секторлорду өнүктүрүү о.э. жумушчу орундарды түзүү үчүн өтө чоң мүмкүнчүлүк болуп эсептелет”, – деп айтылат.

АКШ өткөн айда адам укуктары жана демократия тармагында өнүгүү болбогондугун шылтоолоп, Мисирге бериле турган жардамдар боюнча “95,7 миллион долларды бербестик жана 195 миллион долларды кечиктирүү”  жөнүндө токтом кабыл алган эле. А бирок жогорудагы билдирүүдө келишинче, АКШ Мисирде 40 жылдан бери саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жумушчу орундарды түзүү тармактарында ишмердүүлүгүн жүрүгүзүп келген Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин программаларын өнүктүрүү жана шыктандыруу үчүн чоң өлчөмдө каражат бөлгөн.

Мисир өкмөтү учурда бардык экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана жумуш орундарын түзүү үчүн мамлекетте кеңири масштабдуу реформалар жүргүзүлгөндүгүн айтууда.

Мисир менен Израилдин ортосунда 1979-жылы ишке ашырылган Кемп-Девид келишиминин шарттарына ылайык, АКШ Мисирге жыл сайын 1,5 миллиард доллар жардам берип турушу керек. Мисир болсо бул жардамдын чоң бөлүгүн аскерий тармакка жумшоону мойнуна алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here