Россия Коопсуздук кеңешинин катчысы Ташкентке келди

321
0

Россия Коопсуздук кеңешинин катчысы Ташкентке келди

 РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев башчылыгындагы россиялык делегация Ташкентке келди.

 Кабарларда келишинче, 2017-жыл, 20-сентябрь күнү Ташкент шаарында Өзбекстан жана Россиянын Коопсуздук кеңештеринин аппараттары ортосунда кезектеги консултациялар болуп өттү.

 Сүйлөшүүлөр учурунда Өзбекстан менен Россия ортосунда коопсуздук тармагындагы кызматташтыктын бүгүнкү абалы жана келечеги талкууланды. Ошону менен бирге, укук коргоо органдары, бажы кызматы, өзгөчө кырдаалдар министрликтери ортосундагы алакаларды о.э. аскерий жана аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүнүн артыкчылыктуу багыттарын карап чыгышты. Регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун маанилүү маселелери боюнча пикир алмашылды.

 Үстүбүздөгү жылдын 4-5-апрель күндөрү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин РФга сапары учурунда түзүлгөн келишимдерди өз убагында ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Туркистон:

АКШда болуп өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Батыштын саясий элитасы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди жакшы маанай менен тосуп алды. АКШ Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын жетекчиси Инаятовду кара тизмегег киргизгендигин жарыя кылуу менен, Мирзиёев тарапты колдоого даяр экендигине ишара кылды.

Өзбекстан президенти мамлекеттеги реформалык аракеттерди бир нече жыл алдыга ылдамдатып жиберип жаткандай, бир катар саясий, финансылык жана экономикалык кадамдарды таштап жиберди. Анын бул кайраттуулук менен тобокелге салып ишке ашырып жаткан реформалык аракеттеринен улам, Батыш дүйнөсү да, Россия тарап да мамиле билдирүүгө шашып калды. Эки тарап тең президенттин позициясын, стратегиялык пландарын түшүнүп жетүүгө үлгүрбөй, андан кооптоно башташты. Мындан тышкары, Мирзиёевдин реформалык аракеттерине каршы негизги оппонент болгон Инаятовдун оор дартка чалдыкканы тууралуу айтылууда.

Албетте, Өзбекстанды өзүнүн колониясы деп билген Россия ал жердеги абалга кайдыгер карап турбайт. Патрушевдин сапары да мамлекеттин стратегиялык позициялары Россия менен бирге экендигин текшерүү максатында уюштурулган. Өзбекстандагы саясий элитанын ортосунда өтө чоң жарака пайда болуп,  кырдаал өтө начар жана кескин абалда турат. Россия бул абалга таасир өткөрө алышы мүмкүн. Т.а. ал Патрушев аркылуу Мирзиёевдин системасына каршы Коопсуздук кызматын колдоп жибериши мүмкүн экендигине ишара кылууда. Бул болсо, ал тургай аскерий төңкөрүшкө чейин алып барышы мүмкүн.

Мирзиёевдин саясий амбициялары өтө күчтүү болгону менен, мамлекеттеги азыркы абал эл аралык саясаттагы кубаттуу мамлекеттердин таасири астына өтүп барууда. Т.а. Өзбекстандын саясий элитасы экиге бөлүнүп, бири-бирине күчтүү атаандаш болуп барууда. Бул болсо, колонизатор мамлекеттер үчүн өтө ыңгайлуу абал. Алар бир тарапты экинчи тарап менен коркутуп, абалдан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калмакчы болушат. Алардын кызыкчылыктары саясий, экономикалык, сакафий жана аскерий тармактарда болушу мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here