Пентагон Афганистандагы аскерлеринин саны көбөйтүлүшүн тастыктады
АКШнын Афганистандагы контингентине дагы 3 миңден көбүрөөк аскер кошулуп, ошону менен алардын жалпы саны 14 миңден ашат. Бул тууралуу 18-сентябрда Пентагондун өкүлү Майкл Эндрюс билдирди.
ЖМКларда АКШ контингенти 3,5 миң аскерге көбөйүшү жөнүндө маалымат берилген.
“Биз алар кайда жөнөтүлүшүн айтпайбыз, себеби, душман пландарыбыздан кабардар болушун каалабайбыз”, – деген Эндрюс.
Буга чейин, АКШ президенти Дональд Трамп Пентагондун башчысы Жеймс Мэттиске контингенттин санын дагы 4 миңге чейин көбөйтүүгө укук берген эле.
Мындан тышкары, Трамп августта АКШнын Афганистан боюнча жаңы стратегиясын жарыя кылган. Ал стратегиянын аскерий тарабы тууралуу сөз кылууну каалабастыгын билдирип, бирок Афганистандан кошуундар жакын арада чыгарылбастыгына ишара кылган эле.
Пентагон августта АКШнын Афганистандагы аскерлеринин 11 миң адам экендигин билдирген.
Туркистон:
АКШ Афганистанда аскерий согуш алып бармакчы эмес. Ал буга чейин жүз миңден ашуун аскери менен да Афганистанды өзү каалагандай басып ала алган эмес! Демек, АКШнын максаты башка.
Акыркы кездерде Афганистан аймагында “Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери пайда боло баштады. Айрым маалыматтарда “бул согушкерлерди АКШ өз вертолёттору менен Ирактан Афганистанга жеткирип жатат” деп айтылууда. Ал тургай, “Ислам мамлекети”уюму “Талибандын” аскерлери менен кагышканы жана бир нече террордук иштерди уюштурганы тууралуу кабарлар таратылды.
Ушулардан келип чыгып талдап көрсөк, АКШ Афганистанда бир катар фитнакечтик иштерди уюштурууну жана анын артынан “Талибан” кыймылы менен “Ислам мамлекети” уюмун согуштурууну максат кылууда. Мунун артынан Афганистандагы аскерий базасын дагы да кеңейтип, ал аркылуу эки тараптын согушкерлерин курал-жарак менен камсыздап турууну көздөп жатат.
АКШнын дагы бир негизги максаты, Кытайдын Кытайды көзөмөлдөө үчүн кылып жаткан бүткүл дүйнөлүк стратегиясы боюнча аракетин улантуу. Т.а. Борбор Азия тарапта да кудум Түндүк Корея сыяктуу кооптуу аймак пайда кылуу менен региондо Кытайга каршы аскерий кубатын күчөтүп алуу.
Албетте, Афганистандагы ушундай кырдаалдан Орто Азия өлкөлөрүнө каратылган стратегияларында да пайдаланууга аракет кылат.