Эки өзбек мигрант Өзбекстанга тапшырылды

355
0

Эки өзбек мигрант Өзбекстанга тапшырылды

Өзбекстанда кысымдарга дуушар болгону себептүү Түркиядан баш баанек тапкан эки өзбек жараны мыйзамсыз жолдор менен Өзбекстанга тапшырылып, дагы төртөө кезекте турат. Бул тууралуу “Осиё овози” сайты кабарлады.

Кабарда келишинче, 2017-жыл, 9-март күнү “Ислам Мамлекети” шылтоосунда өткөрүлгөн операциялар учурунда Өзбекстандын 67  жараны кармалган. Алардан 40 адам аялдар менен жаш балдар. Кыйноолорго жана орой мамилеге дуушар болгон өзбекстандыктар бул тууралуу телефон аркылуу кабарлаган болсо да, абал өзгөргөн эмес.

Рейна түнкү клубуна Өзбекстандын жараны Абдулкодир Машарипов чабуул кылгандан кийин Түркияда өзбекстандык мигранттарга кысым күчөгөн. Ошол себептен улам, алар өздөрүн чыгыш түркстандыкпыз деп тааныштырууга мажбур болушууда. Измир, Мугла жана Айдын провинциясындагы абактарда жаткан Өзбекстандын 6 жараны да өзбек экендигин моюнга алуу үчүн 8 саат кыйноого алынган.

Укук коргоочулардын билдиришинче, түрк расмийлери камакка алынган адамдардын сүрөттөрүн Орто Азия мамлекеттерине жөнөтүшкөн. Андан соң, укук коргоочу уюмдардын аракеттерин жокко чыгаруу максатында Фахриддин Байпулатов жана Музаффар Тулаевге кыска убакытта билет алынып, мажбурлап самалётко чыгарылган.

2017-жыл, 18-августта президент Режеп Таййип Эрдоган башчылыгында министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда №694-токтом кабыл алынган. Бул токтом Түркияга баш баанек издеп келген качкындарды өз мекенине кайтарып жиберүүгө шарт түзөт. Аталган токтомго ылайык, Түркияда кармалган же камалган чет элдик жарандар өз мекенине же башка өлкөгө экстрадиция кылынат.

Хизб ут-Тахрир – Түркия вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар аталган токтомго мамиле билдирип: “Ансыз деле (бул токтом кабыл алына элегинде да) Түркиянын Россия жана Кытай сыяктуу куфр өлкөлөрүнө о.э. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу ырайымсыз диктаторлорго мигрант мусулмандарды тапшырып жаткандыгын билебиз. Ал эми, бул токтом кабыл алынгандан кийин Түркиядагы бардык мигранттардын, айрыкча кармалгандардын тагдыры коркунучта калды. Түркия менен Россия жана Кытай ортосунда түзүлгөн келишимдерде мигрант мусулмандар бутага алынган. Түркия кафир Кытай жана Россиянын каалоосун ишке ашырууда. Мусулмандарды коргоонун ордуна, аларды жырткычтарга тапшырууда. Ал тургай, кээ бир сириялык качкындардын Башар Асад режимине тапшырылышынан тынчсыздануудамын”, – деди.

Махмуд Кардын ушул билдирүүсүнөн эч канча убакыт өтпөстөн, жогорудагы эки жаран Өзбекстанга экстрадиция кылынды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here