АКШнын мамлекеттик карызы 20 триллион доллардан ашты

439
0

АКШнын мамлекеттик карызы 20 триллион доллардан ашты

К-Nеws” сайтынын кабарына таянсак, АКШнын мамлекеттик карызы өткөн жума күнү тарыхта биринчи жолу 20 трлн доллардан ашып кетти.

 Маалыматтарга ылайык, карыз март айында 19,84 трлн доллардык өлчөмдө тоңдуруп коюлган эле.

АКШ президенти Дональд Трамп мыйзамга жума күнү кол койду, бул нерсе каражаттарды өздөштүрүү жараянын калыбына келтирүүгө шарт түздү. Ошону менен бирге, мамлекеттик карыздын лимити 8-декабрга чейин гана көтөрүлдү.

Американын мамлекеттик карызын күзөтүп баруучу порталдын маалыматтарына ылайык, учурда карыздын көлөмү 20,16 трлн доллар, бул көрсөткүч ИДПнын 100 пайызынан көптүк кылат. Американын ИДПсы 19,3 трлн долларга барабар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here