Араб мамлекеттери Трамптын позициясын колдоп-кубатташты

304
0

Араб мамлекеттери Трамптын позициясын колдоп-кубатташты

 “РИА Новости” сайтынын кабарына таянсак, Катар менен алаканы үзгөн араб мамлекеттери АКШ президенти Трамптын террорчуларга каржылык жардам берүүнү токтотуу керектиги туурасындагы позициясын колдоп-кубатташты. Бул нерсе 4 араб мамлекетинин биргелешкен билдирүүсүндө айтылды.

Кечээ күнү Кувейттин шейхи Сабах ал-Ахмад ал-Жабир менен жолугушуу учурунда АКШ президенти Трамп Перс булуңундагы мамлекеттер менен Катардын ортосунда пайда болгон келишпестиктерди токтотуу керектигин айтты.

 “Саудия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Мисир АКШ президенти Дональд Трамптын позициясын жогору баалашты. Трамп, келишпестиктерди чечүүнүн бирден-бир жолу – бул террорчулукту каржылоо жана колдоп-кубаттоону токтотуу экендигин жана кризисти ушул шартсыз чечүүнү каалабастыгын билдирди”,- деп жазылган билдирүүдө.

 Белгилүү болгондой, Саудия, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары жана Миср июнь айында Катар менен дипломатиялык алаканы токтоткон эле.

Катарды террорчулукту колдоп-кубаттоодо жана башка мамлекеттердин ички иштерине аралашууда айыпташкан. Кийинчерээк буга башка мамлекеттер да кошулган. Ал эми Кувейт болсо ушул келишпестикти  жөнгө салуу боюнча ортомчу катары чыккан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here