Трамп Афганистан боюнча жаңы чечим кабыл алды

473
0
Republican presidential candidate Donald Trump speaks at a campaign rally in Tampa, Wednesday, Aug. 24, 2016. (AP Photo/Gerald Herbert)

Трамп Афганистан боюнча жаңы чечим кабыл алды

 “РИА Новости”нин кабарына таянсак, АКШ президенти Дональд Трамп маанилүү чечимдерди, ошону менен бир катарда, Афганистан боюнча да чечим кабыл алынганын билдирген. Белгилүү болгондой, АКШ акыркы кездерде Афганистандагы мындан кийинки стратегиясын аныктап алууга аракет кылып келет.

 Трамп Twitterдеги баракчасына: “Кэмп-Дэвидде жөндөмдүү генералдарыбыз жана аскер башчыларыбыз менен маанилүү күндү өткөрдүм. Көптөгөн чеимдерди кабыл алдык, ошону менен бир катарда Афганистан боюнча да”,- деп жазган. Бирок, кандай чечимдер кабыл алынганы тууралуу айткан эмес.

 АКШ президенти кечээ күнү Афганистан жана башка маселелер боюнча кеңейтилген жыйын өткөрдү.

Акыркы кездерде Трамп мамлекеттин Афганистан боюнча мындан кийинки стратегиясын аныктап алууга аракет кылууда. Америка Афганистанда миңдеген адамдан турган контингентти колдоп-кубаттап келет. Буга чейин АКШнын аскерий ролун күчөтүү, Афганистандан кошуундарды толук алып чыгып кетүү же аскерий маселелерди жеке менчик компанияларга өткөрүү сыяктуу варианттар каралып жатканы кабарланган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here