Трамп мусулмандарга кек-дешмандыгын дагы бир жолу билдирди

320
0

Трамп мусулмандарга кек-дешмандыгын дагы бир жолу билдирди

Испанияда жүз берген террордук чабуулдардан кийин АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармактар аркылуу берген билдирүүсүндө мусулмандарды жек көрүүсүн билдирди. Анын мусулмандарды жек көрүшү тилинен ашкере болду, ал эми дилиндеги душмандыгы болсо андан да чоңураак.

Трамп 13 адамдын өмүрүн алган Барселона чабуулу жөнүндө жазып, АКШ генералы Жозеф Першинг биринчи дүйнөлүк согушта Филиппинде туткунга түшкөн мусулман согушкерлерди бир жерге топтоп, доңуздун канына матырылган ок менен атып таштагандыгын мисал кылып келтирди.

 “АКШ генералы Першинг террорчуларды колго түшүргөн кезде эмне кылгандыгын бир эстегиле. Ошондон кийин 25 жылга чейин радикалдык исламий терроризм жүз бербеди”, – деди Трамп.

Трамп 2016-жылдагы шайлоо кампаниясы учурунда да мусулманларга карата кудум ушул окуяны айткан эле. Т.а. мусулман согушкерлерди доңуздун канына  матырылган ок менен атып таштоону, терроризмге каршы натыйжалуу күрөштүн ыкмасы катары мисал кылып келтирген эле.

Трамп 2016-жыл, 19-февралда Түштүк Каролинадагы шайлоо кампаниясынын алкагындагы жолугушууда: “Генерал Першинг 50 даана ок алып, аларды доңуздун канына матырды.  Андан соң ал октор менен аскерлеринин куралдарын октоп, дубалга тизип коюлган 50 террорчунун 49ун атып салды. Адамдарга бул окуяны айтып берсин үчүн бирөөсүн гана тирүү калтырды. Ошондон кийин 25 жыл бою эч кандай проблема жүз бербеди”, – деген эле.

АКШ президенти Твиттер социалдык тармагында ошол окуяны дагы бир жолу үлгү катары мисал келтирди. Ал АКШ генералы Першинг Филиппиндеги мусулман согушкерлерге колдонгон ыкманы дагы кайрадан колдонуу туурасында сөз кылып, Ислам душмандыгы жана расизм Батышта негизги маданий проблемага айлангандыгын баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here