Эммануэль Нахшон: Усманий империянын күнү бүткөнүнө көп болду

277
0

Эммануэль Нахшон: Усманий империянын күнү бүткөнүнө көп болду

Баскынчы яхудийлер Куддустагы мусулмандарга зулум өткөрүүнү улантып жатышат. Яхудий полициячылар намаз окуу үчүн Ал-Акса мечитине келген мусулмандарга карата көздөн жаш агызуучу газдар, резина октор о.э. кээде чыныгы октор менен чабуул кылып жатышат. Кечээ куптан намазынан кийинки кол салууда ондогон адамдар жарадар болду. Мусулмандар жараат алганына карабастан, камакка алынууда.

Мындай учурда Ислам өлкөлөрүнүн башчылары мусулмандардын жаныдарын, мал-дүйнөсү жана ар-намыстарын коргоо жолунда козголбой жатышат. Кээ бирөөлөргө мусулмандардын куткаруучусу болуп көрүнгөн Түркия президенти жана башкы командачысы Режеп Таййип Эрдоган да каралаган билдирүү менен чектелди. Ал Куддусту жана мусулмандардын башка баалуулуктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон мамлекеттин президенти болуп туруп, Түркия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Ал-Акса мечити проблемасынын чечими катары, мусулмандарды Куддуска саякат кылууга чакырды.

“Биз мусулмандар үчүн ыйык шаарларыбызды коргошубуз мүмкүнчүлүк маселеси эмес, ыйман маселеси болуп эсептелет. Палестинадагы жана башка жактагы боордошторубуз да ал жердин ыйыктыгын бүт дүйнөгө жарыя кылууда. Мен бардык мекендештериме жана бардык мусулмандарга кайрыламын, мүмкүнчүлүгү болгон ар бир адам, өтүнүч, Куддусту зыярат кылсын. Барууга мүмкүнчүлүгү болбогондор ал жердеги боордошторубузга жардам жөнөтсүн. Биз Ал-Аксага канчалык ээлик кыла алсак, ал жерге көз артып жаткандардын иши ошончолук оорлошот. Эгерде бүгүн Израиль аскерлери болбогон шылтоолор менен Ал-Аксага бастырып кирип, мусулмандардын канын төгүп жаткан болсо, демек бул нерсе биз Куддусту жетиштүү даражада коргой албай жатканыбызды билдирет”, – деди Эрдоган.

Президент Эрдогандын бул сөздөрүнө яхудийлердин премьер-министри Бенямин Нетаняху “Эрдоган Израилге насаат кыла турган адамдардын акыркысы”, деп жооп кайтарды. Израиль тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Эммануэль Нахшон да өзүнүн Тwиттер баракчасында Эрдогандын сөздөрүн сындап, Усманий империянын күнү бүткөнүнө көп болгондугун эскертип өттү.

 “Эрдоган өз мамлекетинин проблемалары менен алектенсе жакшы болмок. Усманий империянын күнү бүткөнүнө көп болду. Яхудий калкынын борбору Куддус жана мындан кийин ушундай бойдон калат. Куддус өткөн жылдардан айырмалуу түрдө коопсуздук, эркиндик жана азчылык улуттардын укуктарын урматтоо милдетин мойнуна алган мамлекеттин борбору. Эрдоган башкалардын үйүнө таш атпоосу керек”, – деди Эммануэль Нахшон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here