Түркия Россиядан С-400 зениттик-ракета комплекстерин сатып алат

307
0

Түркия Россиядан С-400 зениттик-ракета комплекстерин сатып алат

 Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган 25-июлда Россиядан С-400 зениттик-ракета комплекстери сатып алынышын расмий түрдө жарыя кылды.

 Түркия президенти парламент депутаттарына кайрылып: “Макулдашууга кол коюлду. Кудай кааласа биз өлкөбүздө С-400 рекаталарын көрөбүз жана биргелешкен өндүрүштү баштайбыз”, – деди.

Июлдун ортосунда Bloomberg агенттиги келишимдин баасы 2,5 млрд. долларды түзө турганын билдирген. Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматынын башчысы Дмитрий Шугаев өткөн аптада Москва менен Анкара чынында эле С-400 ракеталарын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөндүгүн ырастаган.

Пентагон эгер Түркияда орусиялык С-400 комплекстери орнотулса, түрк аскерлеринде техникалык мүнөздөгү көйгөйлөр жаралышы мүмкүндүгүн эскерткен. АКШнын коргоо министри Жим Мэттис болсо НАТОнун системалары эч качан орусиялык техникалар менен шайкеш келбей турганын билдирген.

Буга жооп катары Эрдоган НАТОго мүчө болгон Греция деле көптөн бери орусиялык С-300 зениттик-ракеталык комплекстерди колдонуп келатканын, бирок алардын аскерлеринде шайкештик боюнча эч кандай көйгөйлөр болбогонун айткан.

Ракеталык системалар стратегиялык жана тактикалык авиациянын учактарын жана баллистикалык ракеталар өңдүү башка аба куралдарын атып түшүрүүгө жөндөмдүү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here