Өзбекстан Түркиядан бронетехника сатып алат

190
0

Өзбекстан Түркиядан бронетехника сатып алат

 “Sputnik” агенттигинин кабарына таянсак, Өзбекстан бийлиги Түркиядан бир партия брондуу машина сатып алууну пландаштырууда.

 Аталган келишим тууралуу Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаникли башчылыгындагы делегация менен Ташкенттеги жолугушуулар учурунда талкууланган.

 Аскерий мекеменин өкүлү: “Өзбекстан түркиялык Nurol компаниясынын EJDER 4х4 үлгүсүндөгү жеңил брондолгон автомобилдерин сатып алууну пландаштырууда. Өзбекстан тарап 2017-жылдын июль айында автомобилди сыноодон өткөрүп, натыйжасынан ыраазы болду. Учурда Өзбекстан коргоо министрлиги үчүн аталган аскерий техникадан он даана сатып алуу маселеси каралууда”,-  деди.

 Өкүлдүн айтымында, Өзбекстан тарап Түркия менен аскерий-техникалык кызматташтыкты  өнүктүрүүгө даяр.  Ал үчүн учурда Өзбекстан аймагында ушул түрдөгү автомобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана куруу жана буга Түркиянын инвестицияларын тартуу маселеси каралууда.

 Брондолгон EJDER 4х4 автомобили эки экипажга болжолдонгон техника болуп, сегиз десант ташуу мүмкүнчүлүгү бар. Автомобилге ар түрдүү курал-жарактарды орнотууга болот.

Туркистон: 

Мындай десант ташуучу машиналар адатта граждандык согушта же жарандардын тополоңун бастыруу иштеринде колдонулат.

Өзбекстан бийлиги эмнеге даярданып жатат!? Балким, Каримовдон кийинки жетекчилер ортосундагы тирешүү олуттуу түс алып бара жаткандыктан, аскерийлер кырдаалды көзөмөлгө алууга даярдык көрүп жатышкандыр!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here