Индонезия өкмөтү Хизб ут-Тахрирге тыюу салды

333
0

Индонезия өкмөтү Хизб ут-Тахрирге тыюу салды

Индонезия өкмөтү бүт дүйнө мусулмандарынын башын бириктирүүчү Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырып келе жаткан Хизб ут-Тахрир уюмуна тыюу салгандыгын жарыя кылды. Буга Хизбдин ураандары мамлекеттин идеологиясына тескери келгендиги себеп кылып көрсөтүлдү. Адилеттүүлүк жана адам укуктары боюнча башкы катчы Фредди Харинин билдиришинче, Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн бир нече кампанияларды уюштурган Хизб ут-Тахрир уюму Индонезиянын демократиялык биримдигин бузганы себептүү, ага шаршемби күнү тыюу салынган.

Хизб ут-Тахрирге Индонезияда тыюу салынышы президент Жоко Видодонун өкмөткө бир нече артыкчылыктарды берүүчү токтомуна ылайык ишке ашырылды. Видодо өткөн аптада “Эл аралык түшүнүккө жана Индонезиянын илманий-демократиялык вужудуна тескери идеологияга ээ болгон топторго тыюу салуу” туурасындагы токтомго кол койгон эле. Президенттин атайын токтому мамлекеттик жооптууларга илманий (светтик) -демократиялык идеологияга тескери Исламий багытта аракет кылуучу уюмдарга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Хизб ут-Тахрирге тыюу салуу чечими Жакартанын христиан акими Ахок Тжахажа Пурнама Исламды акаарат кылганы үчүн эки жылдык камак жазасына кесилгенден кийин жүз берди. Хизб ут-Тахрир башчылыгында айлап өткөрүлгөн нааразылык акциялары бийликти Жакарта акимин жоопкерчиликке тартууга мажбур кылган эле.

Өткөн май айында Индонезия бийлиги Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгү мамлекеттин илманий-демократиясына туура келбестигин жана коомчулук арасында бөлүнүү пайда кылып жатканын шылтоолоп, ага тыюу салуу планы бар экендигин жарыя кылган эле.

Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин майдаланып кеткен мамлекетчелерди кайрадан бир мамлекетке бириктирүү үчүн тынымсыз аракет кылып жаткан Хизб ут-Тахрирди “коомчулук арасында бөлүнүү пайда кылуу”да айыптоо, демократияны дааба кылып жаткандардын өздөрү өз баалуулуктарын четке кагышын түшүндүрөт. Себеби демократиялык негиздерге ылайык, ар ким зомбулук кылбаган абалда өз пикирин билдирүүгө акылуу. А бирок, сөз Ислам же даъват жөнүндө болгон учурда демократияга көз жумуп коюшат т.а. үйлөргө бастырып киришип, мусулмандарды камакка алып, бир нече жылдарга эркинен ажыратып жиберишет.

Туркистон: 

Индонезия өз саясатын Ислам жана мусулмандарга эң жакын негиздерге куруп, дүйнөдө Ислам менен демократияны шайкеш келитирип жашоо жана саясат жүргүзүү мүмкүн экендигин далилдемекчи болгон эле! Т.а. Индонезия исламды маска кылып алган капиталисттик мамлекет болуп, Ислам менен куфр келишүү менен коомдо өкүм сүрө алышын далилдемекчи болгон эле.

Бирок, Хизб ут-Тахрир ар кандай куфр менен келишүү негизиндеги саясатты исламий саясат деп эсептебейт. Куфр менен келишүү негизиндеги бардык башкаруу келишимдерин арам деп табанний кылган. Ошондуктан, Хизб көтөрүп чыгып жаткан исламий мабдаий идеология менен, Индонезиянын жасалма исламий болуп көрүнүүгө аракет кылып жаткан капиталисттик башкаруу системасы ортосунда эртели-кеч кескиндик пайда болушу күтүлүп жаткан табигый нерсе болчу. Себеби, Хизб ут Тахрир исламий, саясий, мабдаъий партия болгондуктан, аны Исламга ороп коомго алып кирип келе жаткан куфр идеологиясы жана саясаты менен алдоо мүмкүн эмес! Ошондуктан, Ислам турмушубузга кайтып келишинен мурда, бул карама-каршылык жана идеологиялык кагышуу жүз бериши анык болчу.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here