Акса мечитине 50 жашка чейинки мусулмандардын киришине тыюу салынды

234
0

Акса мечитине 50 жашка чейинки мусулмандардын киришине тыюу салынды

“Анадолу” басылмасынын кабарына таянсак, Израиль бийлиги Куддуста кырдаалды курчутуу тактикасын колдонууда.

 Кабарда келишинче, эл аралык коомчулуктун чакырыктары жана талаптарына карабастан, Израиль Ал-Акса мечитине кире бериштеги металл буюмдарды текшерүүчү жабдыктар алынбай тургандыгын тургандыгын билдирген.

 Шаардагы мусулмандар металл детекторлордон өтүүдөн баш тартууда. Палестиналыктар болсо жекшембиден бери Ал-Аксанын астанасында намаз окушууда.

 50 жашка чыга элек мусулмандардын Ал-Акса мечитине киришине тыюу салган токтом бүгүнтөн баштап күчүнө кирди.

 Израиль полициясы Куддустун Ал-Акса мечити жайгашкан Эски шаар районуна кирүүчү жолдорду жаап койгондугу айтылууда.

 Буга чейин Түркия менен Израилдин президенттери Куддустагы абалды талкуулашкандыгы кабарланган болчу.

Туркистон:

Палестина проблемасы бүгүнкү күндө “Израил проблемасы” деген аталышка өзгөртүлүп, ал тургай мусулмандар да ушул аталышка көнүп калдык. Аксаны басып алган яхудийлер болсо, дүйнөдөгү исламий коомчулуктан же исламий өлкөлөрдүн жетекчилиги жана армияларынан кыпындай да кооптонбой калды. Палестинаны басып алган яхудий вужудунун артында дүйнөлүк коомчулук турат. Антпесе, яхудийлер мынчалык жийиркеничтүү кылмыштарга батына алышмак эмес!

Эл аралык коомчулук болсо, бир бөлүгү исламий өлкөлөрдөн турган куфр башкаруу системасынын өкүлдөрүнөн турат. Эл аралык саясат, яхудийлер вужудун өз коргоосуна алган. Негизи, яхудийлер дүйнөдөгү эң коркок улут болуп эсептелет. Алар Палестинада арабдарды ар дайым коркууда кармап туруучу курал катары турушкандыгын сезип, чектен чыгып жатышат. Негизи, Ислам дүйнөсүнүн чыныгы душманы – куфр системасы менен дүйнөнүн башкарып жаткан жана Израиль сыяктуу ыпылас вужуддарды коргоп келе жаткан – эл аралык саясаттагы жетекчи мамлекеттер! Израил вужуду болсо өтө кичине жана өтө алсыз бир топ болуп, ал Ислам жана мусулмандар менен күрөшүүгө жарабайт!

Ислам дүйнөсүнүн өкүлдөрү жана исламий өлкөлөрдүн жетекчилери болсо бул зулумдарды көрмөксөн болуп жатышат. Мойнундагы милдеттерин сезип, кол астындагы армияларын Палестинаны яхудийлерден тазалоо үчүн аттандырбай жатышат! Алар яхудийлерди зулумга жумшап  жаткан эл аралык саясат өкүлдөрүнө кескин мамиле кылып, жок эле дегенде, аларга саясий басым өткөрүүгө да аракет кылышпады! Болгону, кээ бирлери гана телевидениеден чыгып, Израилди бир аз каралаган билдирүүлөрдү берип коюшууда. Бирок, ошол исламий өлкө да Израилди колдоого алып жаткан эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү болгондуктан, ал деле Израилди коргоо сиситемасынын бир элементи болуп кала берет!

Демек, исламий өлкөлөрдүн өкүлдөрү Израил вужудуна нота берүү менен чектелиши жакшы эмес. Алар, алгач, Израилди кооргоо түзүмү болуп турган бардык дүйнөлүк уюмдарга мүчө болуп туруудан баш тартышы керек. Куфрдун эл аралык саясатына пайда келтирип жаткан бардык келишимдерден баш тартышы жана ал мамлекеттердин аскерий базаларын өлкөдөн чыгарып жибериши керек! Яхудийлер вужуду Израил менен жана башка эл аралык саясатка таасир өткөрө ала турган бардык мамлекеттер менен дипломатиялык алакаларды үзүшү керек! Эгерде ушул багытта жок эле дегенде бир гана исламий өлкөдө иш башталса, анда ошол эле күнү Израиль чөгөлөп, ар кандай нерсеге даяр болот эле!

Аллахым, Палестинада чектен чыгып бара жаткан яхудийлерге жана алардын артында туруп аларды короп жаткан дүйнөлүк куфр күчтөрүнө Өзүң жетиштүүсүн. Ислам дүйнөсүнүн ыйык жерлеринен болгон Акса мечити кордолуп жатканын көрүп туруп, сүкүт сактоо менен ыраазы болуп жаткан жана куфрдун уюмдарына мүчө болуу менен алардын кадамдарын бекемдеп жаткан мусулман жетекчилерибизге эскертүү берип, андан соң аларга Өзүңдөн корко турган таква жана хидаят бергин! Хидаятка көнбөгөн кыянатчы жана мунафык саясатчылар менен жетекчилерибизди эки дүйнөдө кор кылгын! Себеби, куфр мусулманндарды ушул жетекчилерибиздин катышуусу жана сүкүт сактоосу менен о.э. жекече кызыкчылыктары жана коркоктугу себептүү билдирип жаткан ыраазылыгы менен кордоп жатат! Ошондуктан, үммөт бардык балээлерге себеп болуп турган жетекчилерибизге басым өткөрүп, аларды яхудийлерди токтотуп, мусулмандар үстүндөгү зулумдарды жоготуу үчүн аракет кылууга мажбурлашыбыз керек!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here