Раккада “тынч гана” кыргын ишке ашырылууда

297
0

Раккада “тынч гана” кыргын ишке ашырылууда

АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөр Раккага фосфор бомбасы менен беш жолу чабуул кылды. Кабарларда келишинче, шейшембинин түнүндө уюштурулган чабуулда Ракканын карапайым тургундары жашаган кварталдар бутага алынган. АКШнын тынч калктын үстүнө ак фосфор жаадырганы тартылган материалдарды жергиликтүү булактар да таратышты.

Андан бир күн мурда т.а. дүйшөмбү күнү АКШ ишке ашырган фосфор чабуулу да бир нече жайкын тургундардын, ошону менен бир катарда аялдар жана жаш балдардын өлүмүнө себеп болгон эле. Адам укуктарын коргоочу Хюман Райтс Вотч уюму акыркы кайрылууларында АКШны фосфор бомбаларын пайдалануудан тыйылууга чакырды.

АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөр мусулмандар үстүнө ажал уругун сээп жаткан бир учурда, АКШнын жардамына таянган PYD согушкерлери кургактыктан кыргын кылууда. Фосфор бомбасы аркылуу ачылган коридордон кирип барган YPG күчтөрү ар бир үйгө кирип адамдарды кыйноого алууда, көчөлөрдүн ортосунда ар түрдүү жырткычтык менен өлтүрүүдө. Айрым адамдарды автомобилдерде сүйрөтүп өлтүрүп жаткан болсо, кээ бирлерин бийик жерлерден ыргытып өлтүрүүдө. Дагы кээ бирлерин сууга агызууда. Кыскасы, каалаган ыкма менен кыргын кылууда. Алар ИШИМ шылтоосунда ишке ашырып жаткан кыргындардан, ал тургай жаш балдар да аман калбай жатат. А бирок, массалык маалымат каражаттары бул кыргындар тууралуу тууралуу сүкүт сактап турушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here