УКМК: Терактын алды алынды

289
0

УКМК: Терактын алды алынды

 УКМКнын билдиришинче, республика аймагында ишке ашыруу пландаштырылып жаткан терактын алды алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлаган.

 УКМКнын маалымат кызматы тараткан кабарда: “Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунан теракт уюштурууга даярданып жаткан адам кармалды. Ал эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болуп, анын үйүн тинтүү учурунда 8 кг жардыруучу зат, экстремисттик маанайдагы кагаздар жана электрондук каражаттар табылган. Табылган заттарды УКМК кызматкерлери жардырышты”, – деп айтылат.

О.э. кабарда, кармалган адамдын Сирия жана Иракта согуштук даярдыктан өтүп келгендиги жана республика аймагында теракт уюштурууну пландаштырып жаткандыгы айтылган.

Туркистон:

Өтө күчтүү ички жана тышкы коргоо системасына о.э таасир кубатына ээ болгон Россия, Франция, Англия, Түркия… сыяктуу мамлекеттер да өз өлкөлөрүндөгү көптөгөн жарандарды курман кылган теракттардын алдын ала албай жатышат. Себеби, бул эл аралык террорчу уюмдарды эл аралык жетекчи мамлекеттер колдоп-кубаттап турушат жана аларга өзүнүн кызыкчылыгы бар болгон мамлекеттерде шарт түзүп беришет. Антпесе, бул терактарды жабыштырып жаткан исламий уюмдар, ал тургай бир мамлекеттен экинчисине эркин өтө алышпайт.

Демек, Кыргызстанда жардыруу уюштурулушу керек болсо т.а. эл аралык күчтөр кызыкчылыгы ушуга далалат кыла баштаса, биздин ички коргоо түзүмүбүз, керек болсо көрүп туруп да аларга тоскоолдук кыла албайт. Тескерисинче, ал арамза күчтөр менен биргеликте исламий кыймылдарга жалаа жабууга мажбур болушат.

Жогорудагы коопсуздук күчтөрүнүн операциялары Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери келет. Себеби, “террор коркунучу” деген аталышта жүрүп жаткан операциялар, куфр дүйнөсү бизди ички проблемалар агымына тартуу үчүн ойлоп тапкан саясий тузак болуп эсептелет. Коопсуздук кызматынын бул аракеттери Ислам жана мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү стратегиясынан келип чыгат. Т.а. бул сыяктуу аракеттер алгач мамлекет менен мусулмандар ортосундагы жараканы кеңейтет. Андан соң, мусулмандар ортосунда душмандык мамилени калыптандырат. Натыйжада мамлекеттик кызматкерлер менен исламий күчтөр кагышуусу үчүн өтө ыңгайлуу мухит пайда болот. Ушулардын бардыгы Кыргызстан мамлекетинин кызыкчылыктарына тескери келет жана өтө кооптуу кырдаалга алып барат!

Ал тургай, жардыруу же согуштук иштерге исламий аракеттердин аралашып калышына да мына ушул зулум жана жалаалардан келип чыккан кескин кырдаал себеп болот. Куфр дүйнөсү бул кескиндикти атайылап күчөтүп барат! Ал убактысы келгенде зулумга чыдабай калган мусулмандардан пайдаланып, мамлекетте башаламандык пайда кылууну көздөйт! Буга Ирак, Сирия, Ливия, Мисир, Афганистан…. жана башка мамлекеттерде күбө болуп жатабыз.

Кыргызстанда азырынча куралдуу исламий аракеттер коркунучу жок! Бирок, кыянатчы саясатчылар күч түзүмдөрүнүн атайын бөлүктөрү жардамында бул кооптуу абалды пайда кылуу үчүн аракет кылып жатышат. Алар жок жерден исламий күчтөрдүпайда кылышы үчүн куфр күчтөрүнө шарт түзүүнү көздөп жатышат. Антпесе, ал тургай жогорудагы сыяктуу ниети бузук бир нече адам чындап эле кармалган күндө да, аларды тынчтык жана туруктуулукту сактоо максатында мынчалык жарыя кылышпайт эле. Себеби, миңдеген орган кызматкерлеринин жана илманий адамдардын ушунчалык бир ыпылас кылмыштарын жашырып келе жатышат го!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here