ГЭС курушу күтүлгөн чехиялык компания күмөн астында калды

234
0

ГЭС курушу күтүлгөн чехиялык компания күмөн астында калды

 Өнөржай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ЖМКларда пайда болгон кабарларга комментарий берди.  Белгилүү болгондой, ЖМКларда Кыргызстанда ГЭС курууну пландаштырган чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы тууралуу күмөн жараткан маалыматтар жарыя кылынган эле.

  Зилалиев: «Мыйзам боюнча биз сынактык, тендердик талаптардын баарын койгонбуз. Бул компания бизге 1 миллион 200 миң доллар кепилдик төлөмдү төккөн. Биздин шарттар боюнча баарын төккөн, баарын көрсөткөн. Азыр кымгуут болуп кетпедиби. Мен баарын чакырат элем, биз бардык макулдашууларды көрсөтөлү. Ал жерде жашыруун эч нерсе жок. Анын баарын мен журналисттерге көрсөткөнгө даярмын. Баарын ачык талкуулайлы. Бул 30 банктык күндүн ичинде 37 миллион доллар карызыбызды жабышы керек. Ошону биз биринчи көрөлү. Азырынча компания тууралуу бир нерсе айтуу эрте. Экинчиден, бизден бир тыйын каражат кеткен жок. Эгер булар талапты аткарбаса анда 30 банктык күндүн ичинде бир тараптуу кылып эле келишимди жокко чыгарып коебуз. Бул жерде эч кандай коркунуч жок. Бир тыйыныбыз корогон эмес, зыяны тийбейт. 30 банктык күн бул 47-48-50 күн болуп эсептелет. Биз бул убакыт аралыгында 37 миллион долларды төгөбү же жокпу байкап турабыз, – деди.

  Буга чейин ЖМКларда Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин каты жарыя кылынган эле. Анда министрлик Улуттук энергохолдинг жана Экономика министрлигине кайрылып, чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен кызматташпоону эскерткен эле.

  10-июлда Нарын каскадындагы төрт ГЭСти жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен чехиялык Liglass Trading CZ компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюлган эле. Аталган документке Кыргызстан тараптан Өнөржай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы ДуйшенбекЗилалиев,  ал эми Чехия тараптан болсо Liglass Trading CZ компаниясынын директору Михаель Смелик кол койгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here