Президенттик шайлоого карата Уламаларга Кайрылуу
Бисмиллахир-рохманир-рохийм
Урматтуу уламаларыбыз!
Белгилүү болгондой, Кыргызстан мусулмандарынын өз Исламына талпынуусу күчөп, күн санап исламий көрүнүштөр көз кубантып барууда. Албетте, мындай изги иштерде сиздердин салымыңыздар зор. Бул аракеттериңиздер сиздерди эки дүйнө ийгилигине жетиштирген болсун.
Ушул эле учурда, президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу айрым аалымдарга насаат жолдоно турган орундар да болууда. Набий с.а.в.: ““дин – насихат” деген.
Баарыбызга маалым болгондой, өлкөбүздө диндин жайылышы менен бир катарда, ушул динибизге байланыштуу болгон, кафир Батыш тыгыштырган бир нече түшүнүктөр да таркалып жүрөт. Мисалы, “мээлүүн ислам”, “салттуу ислам”, “радикал ислам”, “исламий фундаментализм” түшүнүктөрү. Бул пикирлердин булагы Куран-Сунна эмес, андыктан, алар исламий пикирлер эсептелбейт. О.э. бул пикрлердин иштелип чыгуу орду мужтахиддердин ижтихады эмес, ошондуктан, алар исламий райлар да эсептелбейт. Балким, бул пикирлердин булагы – “динди турмуштан ажыратуу” деген демократиялык идеология. О.э. аларды кафир Батыштын “Ранд”, “Херитеж”, “Никсон” сыяктуу изилдөө институттарындагы куфр идеологдору иштеп чыгышкан.
Ушундан улам, бул пикирлерге карата Исламдан хужжат изделбейт, анткени, алар Исламдан эмес. Балким, андай пикир биз турмушта кезиккен бир маселе болуп, ага кандай шаръий өкүм дал келет б.а. анын каршысында биз кандай амалдарды аткарышыбыз керек – мына ушулар изилденет.
Жогоруда аталган пикирлердин бардыгы кафир Батыш тарабынан ойлоп табылган айла-амалдар болуп, алар Исламдын кайтып келүүсүнө каршы каратылган. Демек, аларды кабыл алуу жана аларга амал кылуу да арам. Аларга карата шаръий өкүм мына ушундай.
Өкүнүчтүүсү, айрым аалымдарыбыздын бул пикирлерге чакырып, алардан келип чыккан иш-чараларга амал кылып жатканын көрүүдөбүз. Мисалы, алар “мээлүүн исламга” (Moderate Islam) чакырып, аны ишке ашырууга салым кошуп жатышат. Негизи, бул долбоор RAND корпорациясы тарабынан иштелип чыккан. (Генри Киссинжер, Грэхем Фуллер, Френсис Фукуяма, Сэмюэль Хантингтон, Збигнев Бжезинский сыяктуу кафир идеологдору RAND корпорациясынын кызматкерлери болушкан). Демек, мусулмандардын мындай куфр долбоорлоруна ээрчүүсү жайиз эмес.
Аллах Таала айтат:
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُواْ بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُواْ إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُواْ أَن يَكْفُرُواْ بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلاَلاً بَعِيدًا
«(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге (Куръанга) жана сенден мурун түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген (айрым) кишилер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү? Акыйкатта, аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Себеби), шайтан аларды бүтүндөй жолдон азгырууну каалайт» [4:60]
Ооба, аалымдарыбыздын дин үчүн туура, калыс кылып жаткан амалдарын жогору баалайбыз, Аллах ажырын берсин. Бирок, ошол эле учурда, аларды жогорудагыдай фитна торуна түшүп калуудан эскертебиз.
Аллах Таала айтат:
وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ
– «(Эй Мухаммад), алардын ортосунда Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын. Алардын хавайи-нафистерине ээрчибегин жана Алла түшүргөн өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп, фитнага салып коюуларынан этият болгун!». [5:49]
Өйдөдө аталган “Мээлүүн ислам” тизмесине кириш үчүн, батыштыктардын башкаруу жаатында төмөнкүдөй шарттары бар:
– республикалык башкаруу түзүмүн тан алуу, парламентте мыйзамдар чыгарылышын кабыл алуу, демократиялык шайлоолорду колдоо ж.б.у.с.
Ушундан келип чыгып, Кыргызстанда да “мээлүүндүккө” алдырган аалымдар тарабынан мусулмандарды демократиялык шайлоолорго катышууга үндөй турган үндөр чыгып калды.
Алар муну “айрым Исламга ыктаган кишилердин бийликке баруусу менен даъватка жол ачылат, бул аркылуу исламий жашоо келет” деп акташат. Акыйкатта болсо, Расул Акрам с.а.в.га Курайш мушриктери куфр бийлигин сунуш кылганда, аны кабыл алган эмес – куфр бийлигине жетип алып, ал аркылуу даъват жеткирем, ушуну менен исламий жашоо курам – деген эмес.
О.э. “Исламга ыктаган адам президент болуп калса, мусулмандарга жеңилдик” болот дешет. Негизи, мусулмандар арам жолдор аркылуу жеңилдикке качпашы керек. Тескерисинче, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, Аллах жолунда, акыйкат үстүндө Пайгамбар а.с. жана сахабалар р.а. көрсөтүп кеткендей, азарлар каршысында сабыр жана кайрат менен туруулары керек.
Жана дагы “Ал талапкер намаз окуйт, ошондуктан, аны президенттикке тандаш керек” дегендер бар. Негизи, намаз окуу өзүнчө бир өкүм, аны аткарса сообун алат. Президент шайлоо башка бир маселе болуп, мусулман адам бул жаатта ага тиешелүү шаръий өкүмдөргө амал кылышы керек.
Биринчиден, Исламда президент деген мансап жок. Экинчиден, шайланган президент Ислам менен эмес, демократия менен башкарат. Үчүнчүдөн, президенттик башкаруу демократиялык куфр системасынын бир институту болуп, аны колдоо куфрдун турумун бекемдейт. Демек, булардын баарын өзүндө камтыган президенттик шайлоого катышуу арам. Шайлоочубу же шайлануучубу, мунун айырмасы жок.
Мындан тышкары, мусулман адамдын исламий шахсия экендиги намаз, орозо ж.б. айрым бир амалдарды аткаруулары менен эле бааланбайт. Исламий шахсия болуу үчүн Исламдын бардык тармактарын кабыл алып, ага амал кылуусу керек. Мусулмандын ибадат жана ахлак өкүмдөрүн аткарып, ал эми, саясат, башкаруу, экономика, жаза-чара ж.б.у.с. тармактарына тиешелүү шаръий өкүмдөрдү таштап коюусу жайиз эмес.
Алла Таала айтат:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ادْخُلُوا فِي السِّلْمِ كَافَّةً
– «Эй момундар, толук абалдагы Ислам динине киргиле!» [2:208]
Ал эми динди тикелөө б.а. исламий жашоону кайра алып келүү темасына келсек, Расулулла r мындай деген:
«إِنَّهُ لاَ يَقُومُ بِدِينِ اللَّهِ إِلاَّ مَنْ حَاطَهُ مِنْ جَمِيعِ جَوَانِبِهِ»
«Алланын динин анын бардык кырларын ороп алган (т.а. бардык кырларына амал кылган) киши гана тикелейт».
Т.а. исламий жашоону кайра алып келүүнүн Пайгамбар а.с. көрсөтүп кеткен өз тарыйкаты бар. Ал тарыйкат боюнча, куфрга каршы фикрий жана саясий күрөш алып барылат. Ал үчүн Исламдын бардык тармактарын камтыган таалим берилет, умматта толук Исламий жашоо тууралуу массалык аң-сезим, массалык рай жаратылат, кийин уммат өзү Халифалык мамлекетин тикелейт. Демек, Исламий жашоо мына ушуларга тиешелүү тарыйкат өкүмдөрүнө амал кылуу менен келет.
Ал эми кафирлердин “максат ыкманы актайт” деген эрежесин ээрчип, исламий жашоону кайра алып келүүгө ар кандай арам жолдорду тарыйкат кылып алуу жайиз эмес.
Ушул орунда аалымдар эске алчу орчундуу бир жагдай бар. Айрым аалымдар “ушундай жолдорду колдонуп болсо да динди биз жеткирбесек, башка ким жеткирет” деп ойлошот. Ал “аалымдар” билип коюшсун, дин алардын бурмалап жеткирүүсүнө мухтаж эмес, эгер алар туура амал кылышпаса, Аллах алардын ордуна башкаларын чыгарып коёт.
Аллах Таала айтат:
«…силерден башка бир коумду алмаштырып коёт, кийин алар силерге окшогон болушпайт»
О.э. “биз динди ушунча жайып койдук” дегендер да кездешет. Алар пендеден туура жеткирүү гана талап кылынарын, туура жолго салуу Аллахтан экенин унутушпасын. Туура тарыйкатта жеткиргендиктери үчүн сооп алышат, туура эмес тарыйкат менен жүрүшсө күнөөкөр болушат. Ал эми динин жаюучу Аллах Тааланын Өзү.
Диндин айрым бир тармактарын карманган мусулмандар – карманган жагын колко кылып – башка тармактарын таштап коюшпасын. Намазын колко кылбай орозо кармашкандары сыяктуу эле, кылып жаткан айрым амалдарын колко кылбай, Исламий жашоону алып келүү жаатындагы тарыйкат өкүмдөрүн да бекем карманышсын.
Урматтуу уламалар, демократиялык шайлоолорго катышууга жол ачып берүү – адамдар зээнинде чыныгы Исламий жашоо тууралуу массалык рай жаратуудан тосот жана чириген демократялык куфр системасынын мөөнөтүн узартат. Негизи, биз демократиянын “элдик бийлик” деген түркүгүн уратып, анын ордуна шарият бийлигин орнотууга; республикалык башкаруу деген устунун кулатып, анын ордуна Халифалыкты алып келүүгө милдеттүүбүз. Ал үчүн бардык демократиялык принциптерди, институттарды, жараяндарды катъий четке кагышыбыз керек.
Урматтуу уламаларыбыз, сиздерге Кайрыларыбыз,ушул акыйкаттарды карапайым калкка жеткирүү сиздердин мойнуңуздарда. Анткени, эл исламий чечимдерди сиздерден сурайт.
Аллах Таала айтат:
«Эгер билбей турган болсоңор, илимдүүлөрдөн сурагыла!» [16:43]
Эл сураганда, сиздер туура сөздү сүйлөңүздөр. Аллах Таала айтат:
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَقُولُوا قَوْلًا سَدِيدًا * يُصْلِحْ لَكُمْ أَعْمَالَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَمَنْ يُطِعِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ فَازَ فَوْزًا عَظِيمًا
«Эй момундар, Аллахтан корккула жана туура сөздү сүйлөгүлө, (ошондо Аллах) ишиңерди оңдойт, күнөөңөрдү кечирет, ким Аллахка жана Анын Расулуна итаат кылса, демек, ал улуу бакытка жетишиптир» [33:70-71]
Акыйкатка тескери нерсени айтып алуудан корккула.
Аллах Субханаху айтат:
«Албетте Аллахтан пенделери арасында уламалар коркушат» [35:28]
Эгер кайсы бир улама мындай кылбаса, анда ал жаман уламалар сабынан орун алып калат, Аллах мындан асырасын.
Пайгамбар а.с.дан эң жаман адам ким экендиги тууралуу суралган. Ошондо Расулуллах с.а.в: “Уламалар, эгер бузулушса”, – деп жооп берген.
Расулуллах с.а.в. дагы мындай деген: “Мен силердин үстүңөрдө үч нерседен коркомун. Алар: “вав”ды да, “алиф”ти да ката кылбай Куран окуй турган жана адамдарды туура жолдон адаштырыш үчүн өзүн алардын эң илимдүүсү деп тартыша турган мунафык; акыйкат жолдон тайылуучу аалым; жана адаштыруучу башчылар”.
Ушундан улам, урматтуу уламаларыбыз, сиздерге Кайрыларыбыз, араңыздардан тайылып бараткандар табылып калса, өз ара насаат айтышып туруңуздар жана биргеликте калкты акыйкатка карай жетектеңиздер.
Аллах сиздерди жамандардын сабында болуп калуудан сактасын, пайгамбарлардын мураскорлорунан кылган болсун.
Набий а.с. мындай дейт:
«الْعُلَماءُ وَرَثَةُ الأنْبِيَاءِ»
«Уламалар – пайгамбарлардын мураскорлору»
Урматтуу уламаларыбыз, сиздерге Кайрыларыбыз,ушул даражага татыктуу болуңуздар
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху