Эрдоган: Түркиянын кыйроосун күткөн көптөгөн душмандар бар

302
0

Эрдоган: Түркиянын кыйроосун күткөн көптөгөн душмандар бар

Түркиянын борбору Анкара шаарында өткөн жылдын 15-июлунан 16-июлга караган түнү жүз берген төңкөрүш бастырылгандыгынын бир жылдыгына байланыштуу чогулган элдин алдында президент Режеп Таййип Эрдоган сөз сүйлөдү. Бир жыл мурда т.а. 2016-жыл, 16-июль, саат 02:30да Түркия парламентинин имаратын козголоңчулар бомбалаган эле.

 Эрдоган Түркиянын кыйроосун тышкарыда көпчүлүк күтүп тургандыгын билдирди.

 Эрдоган: “Көптөгөн душмандар Түркиянын кыйроосун күтүүдө. Эгерде мен алардын атын атай баштасам, бул нерсе кеңири масштабдагы эл аралык кризиске алып барышы мүмкүн”,- деди.

Ал төңкөрүштү уюштургандыкта айыпталган оппозиционер Фетхулла Гүлен учурда АКШда экендигин жана анын Пенсильвания штатында өтө чоң өлчөмдө байлыгы бар экендигин айтып өттү.

Эрдоган 2016-жылдын июлунда козголоң бастырылганы себептүү чыккынчылар 40 жыл даярдык көргөн план 20 саатта жокко чыккандыгын айтып өттү жана муну “жалпы элдин жеңиши” деп атады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here