“Өлүм кордуктан абзел”

293
0

“Өлүм кордуктан абзел”

Иран, Россия жана Түркия башчылыгында ишке ашырылган Астана жараянында түзүлгөн келишимге карата каршылыктар уланууда. Сириядагы топтордун көпчүлүгү мамлекеттин бөлүнүшүнө жана Асад режиминин уланышына мүмкүнчүлүк бере турган аталган келишимге каршы чыгууда. Мамлекеттин түштүгүндө Асадга каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топтордун  бири “Жайш-ул Мухаммад” Астана келишимине каршы экендигин жарыя кылып,“Өлүм кордуктан абзел, бул биздин бекем карманган урааныбыз” деген аталышта билдирүү чыгарды.

Астана жараянын каралаган билдирүүдө: “Бул эр жүрөк калк Сирия ынкылабында жүз миңдеген шейиттерди берди. Эсепсиз адамдар жарадар болушту”, “Сирияда жакындары өлтүрүлбөгөн же зынданга салынбаган бир да адам калбады, бирок эл аралык коомчулук билмексен болуп, сүкүт сактоодо”, “Режимдин кылмышын жазасыз калтыра турган, өлтүрүлгөн, куугунтукталган жана камактарга алынган адамдардын тагдырына көз жума турган о.э. орус баскынчыларын кепил катары көрө турган бул келишим бизди колония дооруна кайтарат”, “Эл аралык коомчулукка эскертебиз, биздин аракетибиз жамак салуу же реформа кылуу аракети эмес. Тогут жана бузукка каршы табигый келип чыккан жана бардык тарапты камтый турган революциялык аракет. Сириянын ичинде жана тышкарысында Сирия проблемасына чын дилден жардамчы болуп жаткан ар кандай адамды түптөн ынкылап жасоо жолунда кызматташууга жана ынкылапка каршы пландарды жокко чыгарууга чакырабыз”, – деп айтылат.

“Жайш-ул Мухаммад” тобунун билдиришинче, АКШ менен Россиянын ортосундагы акыркы келишим Сирияны бөлүп таштоону, калкты блокада кылууну жана баскынчыларды күчөтүүнү көздөгөн келишимдердин бири болуп эсептелет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here