Түркия-Израиль ортосундагы куур келишими ушул жылы аяктайт

240
0

Түркия-Израиль ортосундагы куур келишими ушул жылы аяктайт

Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак 22-Дүйнөлүк нефть Конгрессинин алкагында Стамбулга келген министрлер жана өнөржайлардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Конгрессте АКШнын мамлекеттик катчысы Тиллерсон, Россиянын энергетика министри Александр Новак жана башка бир нече мамлекеттердин министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн Албайрак энергетика дипломатиясы аркылуу Түркиянын энергетика тармагындагы ролун бекемдеп жаткандыгын билдирди.

О.э. жолугушуулардын алкагында Израилдин энергетика министри Юваль Штайниц менен да жолугушуп, Түркия-Израиль ортосундагы энергетикалык долбоорлорду талкуулашты. Штайниц жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Израилдин ортосундагы эки тараптуу алаканы нормалдаштыруу жана өнүктүрүү контекстинде энергетика тармагы маанилүү символго айлангандыгын билдирди.

“Келечекте Түндүк Деңиздеги ресурстардын ордун Жер-Ортолук деңизи ээлешине толук ишенебиз. Европа Жер-Ортолук деңизинен газ алат жана ушул регион ишенимдүү булакка айланат. Биз эки маанилүү куур долбоору боюнча кызуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алардын бири Түркия, Түркиянын ички керектөөсү үчүн о.э. Европага жаратылыш газын узатуу үчүн Израилден Түркияга созулган бир куур жаткырууну каалайбыз. Экинчиси, Түштүк Кипр жана Греция аркылуу Италияга чейин жаткырыла турган куур”, – деди Штайниц.

Штайниц Израилде эки куурду тең камсыздоого жете турган жаратылыш газы бар экендигин билдирип, Түркия-Израил ортосундагы сүйлөшүүлөрдү активдештирүү үчүн түркиялык кесиптеши Албайрак жакынкы айларда Израилге сапар кыла тургандыгын билдирди.

“Түркиялык кесиптешим Берат Албайрак мырза менен жолугушуубуз ийгиликтүү болду. Төртүнчү турдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасы боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө жана ушул эле жылы Түркия менен Израиль ортосундагы куурдун курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимди аягына чыгарууга токтом кылдык. Албайрак мырза үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин бул сүйлөшүүлөрдү активдештирүү үчүн Израилге барат деп үмүттөнөмүн”, – деди Израилдин Энергетика Юваль Штайниц.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here