Түркиядагы студенттер Чубак ажыга кайрылуу жолдошту
Бул тууралуу “Азаттыкка” кайрылууну демилгелеген Түркияда эл аралык мамилелер жана дипломатия багытында магистрлигин жактаган Кубангазы Бугубаев билдирди. Анын айтымында, Чубак ажынын АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен менен жолугушуусу Түркияда билим алып жүргөн студенттердин жана мигранттардын тагдырын өзгөртөт. Кайрылууга 300 гө чукул студент кол койгон.
Эске сала кетсек, Түркия бийлиги өткөн жылы ийгиликсиз аяктаган аскерий төңкөрүш аракеттеринде Гүленди айыптуу деп таап, ага карата 2000 жылдык камак жазасын белгилеген. Ошого карабастан, АКШ Гүленди Түркияга тапшыруудан баш тартып келет.
Туркистон: Акыркы кезде Чубак ажынын АКШга барып Фетхулла Гүлен менен жолугушканы коомчулукта кеңири жана ар тараптуу талкууга себеп болууда. Исламий уламалардын иш-аракеттери коомчулук алдында мынчалык этибардуу жана таасирдүү болуп бара жатканы жакшы көрүнүш. Бул нерсе коомдун исламдашып бара жатканын жана үммөт өзүнүн жетекчилигин исламий адамдардын арасынан издей баштаганын билдирет. Бирок, исламий шахсия жана уламалар да үммөттүн ушул ойгонуп бара жаткан абалын сезип, өздөрүнүн ушул күндөгү даражаларын жоопкерчилик жана аманат деп сезип жатышабы? Же ушул кадыр-баркынан кыянаттык менен пайдаланып, кайры исламий иш-аракеттерге аралашып жатышабы? Проблема жана чечим мына ушунда.
Исламий шахсия бул – өзүнүн акылын жана нафсин түшүнүү жана канааттануу менен ислам кызыкчылыгына моюн сундуруп, ар бир иш-аракетинен бир гана Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгын көздөп иш жүргүзө турган адам. Т.а. мындай адам ар бир аракетин шаръий өкүмгө ылайык, үммөттүн кызыкчылыгынан келип чыгып пландаштырат. Жеке кызыкчылыктарын ыйманий мухит менен тизгиндеп, риякордуктан келип чыгып аброй табууну жана башка материалдык кызыкчылыктарды көздөбөйт.
Демек, исламий уламалардын тазалыгы, алардын исламий шахсия сапатына ээ болушу – исламий мухиттин тазалыгын билдирет. Антпесе, уламалардын таза эместигинен исламий мухит бузулат. Ошондуктан, куфр дүйнөсү аалымдарыбызды бизден тартып алуу үчүн ар кандай каражат жана мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып жатат. Фетхулла Гүлен бизден тартып алынган жасалма аалымдардын эң алдыңкыларынан болуп эсептелет. Диндин атынан иш алып барууда болсо Түркиянын учурдагы президенти Режеп Эрдоган андан да алдыңкы орунда турат.
Батыштын дүйнөлүк башкаруу системасы Фетхулла Гүлен жана Режеп Таййип Эрдогандардан пайдаланып, түркиялык мусулмандарды көптөгөн жылдардан бери дининен, саясатынан жана өздүгүн таануудан чалгытып келет! Булар – бири-бирине атаандаш болуп көрүнүп жатканы менен – исламий чүмбөт менен саясатка куфр тарабынан киргизилген жана бүгүнкү күнгө чейин куфрдун колдоосу жана коргоосу астында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жаткан бузуку адамдар болуп эсептелишет. Негизи, булардын Исламга тиешеси жок. Болгону, алардан мусулмандарды чалгытуу иштеринде пайдаланып келишет.
Кыргызстан аалымдарынын абалына токтоло турган болсок, АКШ Кыргызстандагы исламий мухиттин күчөп бара жатканын жана ал илманий (светтик) мухитти коомдон сүрүп чыгып бара жатканын көрүп турат. Ошондуктан, Батыш системасы кыргызстандык аалымдарды өзүнө тартып, Кыргызстанда да – кичирээк болсо да – Гүлен сыяктуу кол бала аалым пайда кылмакчы болууда. Максат ажы башчылыгындагы бир исламий делегация ушундай максатта АКШга барып келди. Андан соң, Чубак ажы сапар кылды. Алардын экөө керексиз аракеттери менен коомчулуктун көңүлүн бура турган иштерди кылышты. Максат ажы чиркөөдө азан айтты. Чубак ажы болсо, Гүлен менен жолугушту жана бүгүнкү күнгө чейин ал жолугушуудан көздөлгөн бир орундуу максат бар экендигин айта албай жатат.
Учурда жүз берип жаткан окуялардан келип чыгып, кыргызстандык аалымдарга кайрылабыз: Мисирдеги Мурси жана аны ээрчиген мусулман боордоштордун азыркы абалын көрүп турасыңар. Өзбекстандагы миңдеген аалымдардын учурдагы абалы силерге жагабы? Тарыхтагы бардык кыянатчылардын же сарай аалымдарынын абалы менен таанышып чыккыла! Алардын бардыгы Аллахтын дининен бузуку кызыкчылыктарда пайдаланмакчы болгону үчүн ушул дүйнөдө кор болуп жатышат. Алар миллиондогон долларга ээлик кылып турган абалда кор болушууда! Силер сахабалардын жолун таштап, арзыбаган дүйнө үчүн куфр менен келишим түзүп, Ислам жана мусулмандар кызыкчылыгына кыянат кылууга кантип ыраазы болосуңар! Себеби, куфр дүйнөсү силерден ушуну күтүп жатат. Ушул максаты үчүн силерге, ал тургай, исламий китептериңерди өтө чоң тираж менен басып чыгарууга уруксат берүүдө! Куфр дүйнөсүнө барып, ал жерде өздөрүнүн кол астындагы сарай аалымдары менен жолугушууга шарт түзүп беришүүдө. Сахабалардын жашоосунан ушуга окшогон абалды көрдүңөр беле. Же силер, Пайгамбарыбыз С.А.В.дын же сахабалардын турмуштук жолуна көңүл бурбай, өзүңөр ойлоп тапкан жолдор менен Аллахтын динин үстөм кылмакчы болуп жатасыңарбы? Акыйкатта болсо, ар бир өзүмбилемдик күнөөгө алып барат. Аллах болсо, биздин реформабызга муктаж эмес! Тескерисинче, биз Анын нусратына муктажбыз! Бардык реформалык аракеттерибиз болсо, Ал буйругандай болушу керек! Демек, реформалык аракеттерибиз да Аллах жана Расулу көрсөткөн тарыйкат менен болсо гана максатка алып барат! Башкача аракеттердин бардыгы ийгиликсиз жана натыйжасыз аяктайт!
Ошондуктан, силерди исламий өлчөөлөргө кайтууга жана куфрдун материалдык өлчөөлөрүн коомго алып кирүүдө ага салым кошуудан этият болууга чакырабыз. Исламий өлчөөлөр арам жана адал негизинде болот. Ошондуктан, үммөткө бирер адам же абалды ачыктап жатып, жалаң гана исламий кызыкчылык жана өлчөөлөрдөн туруп баа беришиңер важиб. Ал адамдын куфр дүйнөсүндөгү даражасы, же анын куфр дүйнөсүндө тапкан кадыр-баркы же бир адамдын куфр алдында аброю түшүп бара жатканы үчүн гана акаарат кылуу сыяктуу куфрдун өлчөө жана баалуулуктарын ташташыңар важиб! Антпесе, куфр дүйнөсү силерди ислам чүмбөтү астындагы өз саясатына тартып кетүүгө аракет кылууда. Алар “исламда саясат жок” деген ураандарын силерге сиңирүү менен исламий саясаттан алыстатып, исламды силер аркылуу куфр саясатына ылайыкташтырууга аракет кылышууда. Алардан баш тарткыла жана алыстагыла! Баарыбыз Аллахтын кол астындабыз!!!