Tаъзия

252
0

Петербургдагы өрттөн каза болгон өзбекстандыктардын жакындарына таъзия

Санкт-Петербург шаарынын Колпино районундагы тротуарга төшөй турган каражаттарды чыгаруучу кампа сымал жайда чыккан өрт себептүү жети адам каза болду.

Nation News’ өрттөн каза болгон адамдардын  атын-жөнүн жарыялады.

 Алар, Розмат Х, Сиротжон Х, Илёс А, Юнус С., Шахзод К, Заир А, Уткирбек А, экендиги кабарланды. Алардын бардыгы “Эверест” ишканасында иштегени жана Өзбекстандын жарандары экендиги айтылууда.

Кабарга таянсак, 13-июлга өткөн түнү Санкт-Петербургдун Колпино районундагы кампада өрт чыккан.

Өрттөн кийинки тазалоо иштеринде өрт өчүрүүчүлөр Өзбекстандын жарандары деп болжолдонгон 7 адамдын сөөгүн табышкан.

Туркистон:

Албетте, биз Аллахтын пенделерибиз жана албетте биз Ал Затка кайтуучуларбыз” [2:156]

Биз Туркистон сайтынын кызматкерлери, Аллахтын казасына ыйман келтирген абалда, Ырайымдуу Аллахтан адал ырыскы табуу ниетинде ата-эне, үй-бүлө жана бала-чакасын таштап, жумуш издеп кеткен, а бирок, күтүүсүз кырсык себептүү каза болгон өзбекстандык боордошторубуздун күнөөлөрүн магфират кылып, алардын кылган солих амалдарын өздөрүнө шерик кылышын сурайбыз.

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнүн атынан алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Аллах сиздерге көркөм сабыр берсин. Аллах сиздерди сабыр кылуунун артынан жакшылыктар менен сыйласын.

“Сабыр кылгыла! Албетте, Аллах сабыр кылуучулар менен бирге!” [8:46]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here