Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтулууда

180
0

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкты бекемдөөгө умтулууда

Кыргызстан Европа Биримдиги менен кызматташтыкты тереңдетүү боюнча жаңы келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул маселе Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Австриянын тышкы иштер министри – ЕККУнун учурдагы төрагасы – Себастьян Курц менен жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Кыргызстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Мауэрбахтагы расмий эмес жыйыны учурунда жолугушкан.

 Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы тараткан кабарда: “Австрия тарап Кыргызстан менен Европа Биримдиги ортосундагы тереңдетилген кызматташтык боюнча жаңы келишимге кол коюу маселесин колдой тургандыгын билдирди. Австрия тарап 2018-жылдагы Европа Биримдикке төрагалыгы  учурунда ушул маселени активдүү түрдө көтөрүп чыга тургандыгын билдирди”, – деп айтылат.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин кабарына таянсак, министрлер эки тараптуу кызматташтыкты улантуу маанилүү экендигин баса белгилешкен. Жолугушуу учурунда эки мамлекеттин тышкы иштер министрликтери ортосундагы кызматташтык программасына кол коюлду.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here