АКШ менен Катардын ортосунда келишим түзүлдү

240
0

АКШ менен Катардын ортосунда келишим түзүлдү

АКШ Катар өкмөтү менен террорго (Исламга) каршы келишим түздү. Келишимге шейшемби күнү АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана Катардын тышкы иштер министри Мужаммад ибн Абдурахман ал-Тани кол койду. Келишимге ылайык, АКШ жана Катар террорго (Исламга) каршы күрөштө кызматташтыкта иш жүргүзө турган болушту.

Тиллерсон биргелешкен маалымат жыйынында, бул келишим терроризмди (Исламды) жер бетинен жок кылууга жардам беришин жана мындан көздөлгөн негизги максат терроризмдин (Исламдын) каржылык ресурстарын жок кылуу экендигин билдирди.

Катардын тышкы иштер министри ал-Тани болсо Катар өкмөтү терроризмди (Исламды)  каржылоонун алдын алуу максатында АКШ менен келишим түзүп жаткан биринчи мамлекет экендигин айтып, башка мамлекеттерди да аталган келишимге кошулууга чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Катар менен ага карата эмбарго жарыя кылган мамлекеттердин ортосундагы абалды жөнгө салуу үчүн ушул аптанын башында ал жакка сапарын баштаган эле. Тиллерсон Катардын амири Шайх Тамим бин ал-Сани менен жолугушкандан кийин берген билдирүүсүндө, региондогу келишпестикти жөнгө салуу үмүтүндө экендигин жана “бекем позиция” карманган Катар өкмөтү келишпестик боюнча “акыл менен” иш кылгандыгын билдирди.

Тиллерсон жолугушууларын Саудияда улантат. Ал Жидда шаарында Мисир, Саудия, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here