Маккейн: АКШ Афганистандагы согушта жеңилди

280
0

Маккейн: АКШ Афганистандагы согушта жеңилди

 Америка сенатынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасы Жон Маккейн CBS News телеканалынын эфиринде “Вашингтон Афганистандагы аскерий операцияларда жеңилүүдө” деди.

 Маккейн: “Бизде стратегия жок. Биз жеңилип жатабыз”, – деп баса белгилеген.

О.э. Афганистан улуттук армиясы “кабыл алынгыс жоготууларды баштан өткөрүп жатканын” билдирген. Республикачы-сенатордун айтымында бул проблема “тартипсиздиктер мол болгон ” Ак үйгө барып такалат.

Өткөн аптада Маккейн бир топ конгрессмендер менен Афганистанга сапар кылган эле. Ошол сапардын аягында Маккейн Вашингтон жана анын союздаштары Афганистанда 16 жылдан бери ишке ашырып келе жаткан операциялар азырынча күтүлгөн натыйжаны бербегендигин айткан.

Ошону менен бирге, Талтбандарга каршы күрөш улантылышы керектигин билдирген.

Америкалык дагы бир сенатор Линдси Грэм болсо “токтоп калууну жеңишке айландыруу үчүн”Афганистанда НАТО күчтөрүнүн жана Америка аскерлеринин санын көбөйтүү керек деген пикирде. Сенатордун айтымында, учурдагы контингент т.а. 8,6 миң аскер “өз милдетин аткара албайт”.

АКШ 2001-жылдан бери Афганистанда аскерий операцияларды ишке ашырып, “Талибанга” жана “Ислам мамлекети”уюмуна каршы күрөштө афган өкмөтүнө жардам берип келет.

Бүгүнкү күндө Афганистанда Американын 10 миңге жакын аскери бар. Алар жергиликтүү коопсуздук күчтөрүнө жардам берип, террорчуларга каршы операцияларды өткөрүп келүүдө.

АКШ Улуттук разведка кызматынын башчысы Дэниел Коутстун билдиришинче, “булардын бардыгына карабастан, мамлекеттеги кырдаал күндөн-күнгө начарлап барууда жана талибдер жаңы-жаңы аймактарды ээлеп алышууда”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here