Хижаб өзгөлөрдүн маданияты болсо, жылаңач денелер өзүбүздүн маданиятпы?

291
0

Хижаб өзгөлөрдүн маданияты болсо, жылаңач денелер өзүбүздүн маданиятпы?

 «Озодагон» сайты кабарлагандай, кечээ күнү Тажикстандын Согди обулусунда хижабга каршы топтун ондогон мүчөлөрү кварталдар, соода борборлору, тигүү цехтери, бала бакчалар,  оорукана жана окуу жайларга жөнөтүлгөн.

Бул жумушчу топтун түзүлүшү коомдо нааразылыкка себеп болду.

Аталаган иш-чарага өз пикирин билдирген коомдук активисттердин бири, белгилүү адвокат Файзиниса Вахидова төмөнкүлөрдү айтты:

“Хижабга каршы күрөшүүчүлөр, силер жылаңач денелер, мини юбкалар жана адамдардын көзүнө ашкере болгон аялдар тууралуу эмне үчүн сөз кылбайсыңар? Силердин сөзүнөр менен айтканда мындайлар “заманбап” болуп эсептелишет, негизи бардык бузукулук дал ушул ачык жүргөн аялдардан келип чыгат го, эмне үчүн мындай аялдарды жоопкерчиликке тартпайсыңар? Же өкмөткө караштуу кыз-келиндер менен иш алып баруучу комитеттин тыянагы боюнча, денесин жаап-жашырган аялдар коомго коркунуч болуп, ал эми авраты ачык аялдар тынчтык жана бейпилдиктин кепилдиги болуп эсептелеби? Же ачык жүргөн буттар, жарымы ачылган көркүрөктөр тажик маданиятына таандык болуп, хижаб чоочун маданият болуп калдыбы? Силерде кыпындай болсо да акыл барбы өзү?

Ко-ош, эгерде комитеттин максаты жана бул жумушчу топтун милдети коомдон хижабды жок кылып жиберүү болсо, анда көчөдө жүргөн жарым жылаңач, көчөлөрдө денесин сатып жүргөн аялдарга каршы күрөшүү үчүн кандай иш-чараларды пландаштырып жатасыңар? Же жарым жылаңач, “заманбап” кийимдеги денесин сатуучу сойкулар тажик маданиятына таандыкпы?

Мекемелерде иштеп жаткан адамдардын көпчүлүгү айылдардан келген болуш керек. Алар убакыттын өтүшү менен шаарда билим алып кызматка орношуп калышкан. Урматтуу, жумушчу топтун мүчөлөрү! Силердин оюңарча бул хижаб өзгө улуттун маданияты болсо, силердин тажик энелериңер айылдарда мини юбкада жүрүшкөнбү жана “заманбап” кийинишкенби, же авратын жашырган абалда абийирин сактап жашашканбы? Алар намаз окушкан, туурабы? Намазды кандай кийимде окушкан? Силер айтып жаткан “биздин маданиятка жат кийимдер”  болсо, түпкүлүгүндө улуттук кийимдерге айланган.

Туркистон:

Файзиниса Вахидованын сөзү акыйкат, негизи хижаб биздин шаръий кийимибиз болуп, алда качан эле улуттук үрп-адатка айланып калган.

Жаш ишкерлердин бири, соодагер Дилшаддын айтышынча, учурда мусулмандар өз мекенинде гариб сыяктуу жашап жатышат.

Ал: “Мен жакында үйлөнгөнмүн, диндар аял алып бактылуу жашайм деп ойлогон элем. бирок, өкүнүчтүүсү кубанычыма бийлик тоскоолдук кылууда. Мен өз келинчегимдин көчөлөрдө хижабсыз жүрүп, намахрамдардын көңүлүн бурушун каалабаймын. Бул абал мен үчүн ушунчалык оор. Көчөгө чыгарбасам да, жергиликтүү кыз-келиндер комитетинин мүчөлөрү келип, бизге штраф сала тургандыгын айтып коркутушат. Ал тургай, өзүмдүн үйүмдө да тынчтык жок. Бир гана жол калды, андан башка айла жок, мен жубайымды алып Россияга кетемин, жок дегенде ошол орус өлкөсүндө хижабга мынчалык басым болбосо керек”, – деди.

Урматтуу боордоштор, чындыгында эле мусулман үчүн үй-бүлө анын эң назик тарабы, ар-намысы болуп эсептелет. Куфр системасы Исламий баалуулуктарга каршы күрөшүн болушунча күчөттү, бул жаатта аларга өзүбүздөн болгон жетекчилер, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана кыз-келиндер комитети жардам берүүдө.

Бир нече жылдардан бери тажик бийлиги жаштардын мечитке барышына тыюу салуу жана сакалга каршы чыгуу менен Ислам динине каршы аракет кылып келет. Ал эми калк болсо, куфрдун бул басымына моюн сунууга мажбур болду. Т.а. бирер адам каршы чыкпады. Ушундан келип чыгып, куфр дүйнөсү ал жерде бирер натыйжага жетишпеди. Аныгыраак кылып айтканда, куфр дүйнөсү, айрыкча орус күчтөрү бир тынчтык орнотуучу катары ал жерге кирип барышы үчүн бирер олуттуу себеп жүз бербеди.

Ошол себептен улам, калктын назик чекиттерине тийишүүгө туура келди. Тажик калкы ар-намысы күчтүү, ар-намыс үчүн жанын бере турган калк болуп эсептелет. Алар үй-бүлөсүн коргоого катуу көңүл бурушат.  Эгерде аялдары авратын ачууга мажбурланса, бул абал эркектерге терс таасирин тийгизет. Эгерде хижабга каршы күрөш күчөсө, калк көтөрүлүп, ар-намысын коргоо максатында массалык нааразылыктар башталышы мүмкүн.

Куфр дүйнөсү үчүн, айрыкча Путин үчүн ушул нерсе керек. Кыргызстанда хижабга каршы: “Кайран элим, кайда баратабыз”,- деген жазуусу бар баннерлерди илип, мусулмандардын туйгусуна тийишүүгө аракет кылып көрүштү. Бирок, бул нерсе алар күткөн натыйжаны бербеди. Себеби, кеч болуп калган эле. Башкача айтканда, кыргыздын кыз-келиндери хижабды фарз катары кабыл алышып, коомчулук үчүн да бул нерсе исламий көрүнүшкө айланып калган эле. Ошондуктан, эми мындай манёврлардын пайдасы болбойт.

Тажикистанда болсо абал башка, согушту көргөн адамдар картайып, согуш коркунучу жана натыйжалары элдин эсинен чыгып калган. Жаштар болсо илманий (светтик) билим алышкан, алардын назарында Улут Көсөмүнө сый-урмат жана мекенчилдик, улутчулдуктан башка ыйык нерсе жок.

Путин өз таасирин дагы да бекемдеп алышы үчүн,  Тажикстан, айрыкча анын Кыргызстан менен  чектеш облусу өтө ыңгайлуу аймак болуп эсептелет.

Россия учурда туңгуюкка кептелип калды, ошол себептен улам дагы кайрадан баш көтөрүшү үчүн кол астындагы мамлекеттердин карызын кечип болсо да, Орто Азиядагы малай акимдеринин жардамында өз максатын көздөй аракет кылмакчы болууда.

   Путин Кыргызстан президенти менен жолугушкан кезде максатын Алмазбек Атамбаевдин тили менен айттырды. Ошондо Атамбаев Путинден коопсуздук чарасы катары мамлекеттин түштүгүндө база курууну суранган эле. Азыркы Тажикстандагы хижабга каршы күрөш кампаниясы дал ошол долбоорго чөйрө жаратышы анык. Анткени хижабга каршы күрөш дал ошол Согди облусунда башталган. Аталган облус болсо Кыргызстандын Баткен облусуна чектеш жайгашкан. Баткен облусундагы пост учурда Борбор Азиянын эң коопсуз постторунун бири болуп эсептелет. Т.а. карапайым калк бир мамлекеттен экинчисине визасыз өтө беришет.

Басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү Мунаввара

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here