Путин: Сиз себептүү мужахиддерге катуу соккулар берилди
Германиянын Гамбург шаарында болуп өткөн G20 саммитинен кийин Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Россия президенти Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жабык эшиктер артында өткөрүлгөн жолугушуу бир саатка созулду.
Жолугушуунун алдында кыскача билдирүү берген Путин орус күчтөрү Сирияда ишке ашырган иштерде Эрдогандын ролу өтө чоң болгондугун билдирип, анын позициясына мактоолорду жаадырды.
Путин Эрдоганга кайрылып: “Президент мырза, сиздин позицияңыз себептүү Сириядагы кырдаалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө жетиштик. Террорчуларга (мужахиддерге) катуу сокку берилди жана чечим жараяны олуттуу көрүнүштө алдыга жылды. Айрыкча, сиз менен түзүлгөн келишимдер себептүү, Сирия маселесинде көптөгөн жакшы кадамдарды таштоого жетиштик”, “Сиздин жана бардык өнөктөштөрүңүздүн позициясын жогору баалаймын”, – деди.
Ал дагы Россия-Түркия алакасы боюнча “эки тараптуу мамилени толук көрүнүштө өнүктүрүү жана биздин көңүлүбүздү бурган маселелерди чечүү үчүн акыркы кездерде бир топ иштер аткарылды” деди.
Эрдоган болсо бул жаатта Түркия-Россия алакасынын оң натыйжаларына ишара кылды. Эрдогандын ишеним менен баса белгилешинче, экономикалык алакалар болобу, туризм тармагы болобу, же болбосо коопсуздук маселеси болобу айырмасыз, Түркия-Россия алакасынын өнүгүшү эки мамлекет ортосундагы мамилени өтө жогорку деңгээлге алып чыгат.
Эрдоган: “Регион калкы жана дүйнө калкына үлгү катары ортобуздагы алаканын бекемделиши чындыгында эки мамлкеттин калкы үчүн өтө чоң пайдаларды алып келүүдө”, “Сирия, Ирак жаатындагы күткөндөрүбүз жүзөгө чыгууда. Мен ушул тараптан жолугушууларыбызды жогору баалаймын”, – деди.