Тажикстанда хижабга каршы атайын топ түзүлдү

295
0

Тажикстанда хижабга каршы атайын топ түзүлдү

Тажикстандын Хужанд шаарында хижабга каршы атайын топ түзүлдү. Өкмөткө караштуу Үй-бүлө жана кыз-келиндер комитетинин алдында уюштурулган бул топтун милдети кыз-келиндер “чоочун сакафатка” ыктап кетишинин алдын алуу.

Тажикстан өкмөтүндөгү үй-бүлө жана кыз-келиндер менен алектенүүчү комитеттин билдиришинче, кечээ күнү Согди облусунда ушул маселе боюнча жыйын уюштурулган. Жыйында кыз-келиндердин чоочун маданият жана сакфатка ыктап кетишинин алдын алуу жаатында аткарыла турган иш-чаралар талкууланды. Ошону менен бир катарда “тажик улутуна жат болгон кийимдерге” үгүттөө күндөн-күнгө олуттуу түс алып бара жаткандыгы айтылды.

“Sputnik” маалымат агенттигинин кабарына таянсак, жыйынга Хужанд шаарынын активисттери, билим берүү тармагынын жана саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү, диний каада-салттарды тартипке салуу комитетинин мүчөлөрү, жаштар, спорт жана туризм боюнча жооптуулар, үй-бүлө жана кыз-келиндер маселеси менен алектенүүчү комитеттин өкүлдөрү, орто жана жогорку окуу жайлардын башчылары, жергиликтүү кыз-келиндер кеңешинин өкүлдөрү жана облусттук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан. Жыйындын соңунда “активдүү адамдар жана облусттун жооптуулары эсебинен” №21-топ деп аталган жумушчу топ түзүлдү. Ошону менен бирге, аталган проблема боюнча атайын программа түзүлүп, бул программага ылайык №21-топтун негизги милдети болуп, коомчулук арасында хижабга каршы жалпы пикир пайда кылуу жана адамдарда хижабга каршы сезим ойготуп, коомдо “жат кийимдерге” каршы мүмкүн болушунча күрөшүү белгиленди.

Аталган жумушчу топ 4-июлдан баштап ишке киришти. Ал топ кабыл алынган токтомго ылайык, кварталдар, соода борборлору, тигүүчүлүк цехтери, бакчалар, ооруканалар, мектептер жана ресторандарды кыдырып хижабга каршы активдүү иш алып барууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here