Мисирде уйгурларга “аңчылык” башталды

339
0

Мисирде уйгурларга “аңчылык” башталды

Мисирде Ас-Сиси бийлиги түрдүү университеттерде билим алып жаткан уйгур студенттерди кармап, Кытайга тапшыра баштады. Акыркы кабарларга ылайык, Кытайдын талабы боюнча ушул аптанын башынан баштап Мисир полициясы уйгур студенттер жашаган жерлерге күч менен бастырып кире баштаган. Бул иште Мисир полициясына Кытай разведкасы жана полициясы жардам берүүдө. Азырынча, 36 студент камакка алынып, Мисир абактарында жатат о.э. аларды Кытайга тапшыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Коммунист Кытай бийлиги ушул жылдын башынан бери Түркия, Мисир, Саудия, Япония, Канада жана башка мамлекеттердеги көптөгөн уйгурларга, айрыкча чет өлкөдө окуп жаткан студенттерге телефон чалып, өз өлкөсүнө кайтаруу үчүн басым өткөрө баштаган.

Өз өлкөсүндө калган жакындарына өкмөт зулум кылышынан корккон көпчүлүк студенттер жана ишкерлер Чыгыш Түркстанга кайтууга мажбур болушкан жана алардын көпчүлүгү аэропортко келип түшөрү менен кармалган. Алардын бир нечесинин тагдыры белгисиз. Ошол себептен улам жүздөгөн студенттер тынчсызданып, Мисирден коопсуз деп билген өлкөлөргө качууга аракет кылышууда. Адатта Чыгыш Түркстандык уйгурлар Түркияны коопсуз деп билишет эле. Бирок, Кытайдын талабын эсепке алган Түркия да акыркы кездерде депортация кылуу үчүн бир нече уйгур үй-бүлөнү камакта кармап турат.

Кабарда: “Бул абалдан тынчсызданган студенттер коопсуз мамлекет издей башташты. Кайда барууну билбей калган студенттер өздөрү үчүн бир куткаруучу күтүшүүдө”, – деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here