Мирзияев: “Ортобуздагы чегараларды жок кылышыбыз керек”

366
0

Мирзияев: “Ортобуздагы чегараларды жок кылышыбыз керек

            Өзбекстан президенти Шавхат Мирзияев, ШКУнун 8-9-июнь күндөрү Астанада болуп өткөн саммиттинде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушту.

            Шавхат Мирзияев, бул жолугушуу эки мамлекет ортосундагы алакаларды дагы да бекемдей турганын, кызматташтыкты кеңейтүүдө маанилүү баскыч болуп калаарын жана Самарканддагы жолугушууда жетишилген келишимдерди кеңейтүү керек экенин билдирди.

            Кыргызстан президентинин маалымат кызматынын кабарлашынча, Мирзияев кесиптешин Өзбекстанга чакырып, президенттик кызматта турган мөөнөттө эки мамлекетте “алга кадам таштоо үчүн жетиштүү негиздер бар экенин” көрүп турганын айткан.

“Эгер биз ишкер чөйрөнү бириктирсек, олуттуу ийгиликтерге жетебиз. Эң негизгиси, биз ортобуздагы чегаралар болбошу үчүн колубуздан келген бардык иштерди кылышыбыз керек. Биздин чегаралар ачык болушу шарт”,- деп билдирди Мирзияев.

            Алмазбек Атамбаев сунуш үчүн кесиптешине ыраазычылык билдирди жана бардык негизги тармактарда кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөө үчүн бирге иш алып барууга даярдыгын билдирди.

            Жолугушуунун жыйынтыгында эки мамлекеттин өкүлдөрү кыргыз-өзбек чегараларын делимитация жана демаркация кылуу боюнча келишимге кол коюла турган маселелерди макулдашуу тууралуу иштерди тездетүү үчүн тийиштүү органдарга тапшырма беришти.

Туркистон:

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чегара, Каримов режиминин репрессиялык доору гүлдөгөн учурда дээрлик жабылып калган. Алар бул иштерин, Өзбекстандын коопсуздугу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын бири деп түшүндүрүшкөн.

Мирзияев, чегараны жеңилдетүү же мурункудай ачып жиберүүдө туш болуп жаткан маселелер, түпкүлүгүндө Өзбекстандын ички саясий карама- каршылыктарынан келип чыгууда. Каримов өз режимин бир нече ири кландарды бири- бирине моюн сунбай, Каримовго гана моюн суна турган абалда кармап, алардын берилгендиктеринен пайдаланып авторитардык режим орнотууга жетишкен. Алардын ар бирине тиешелүү тармактарда эркин иш алып баруусун кепилдеп берген. Натыйжада, бул өзбек алигархтары, ири жана күчтүү кландар атамасы астында, ар бири өздөрү үчүн коррупциялашкан системаларды орнотуп алышты. Азыр бул ири алигархтар ээлеп турган тармактарды, Мирзияев  мамлекеттин көзөмөлү астына тартып алмакчы болууда. Себеби, өзбек алигархтары жана клан жетекчилери, Мирзияевди мамлекет башчысы катары тан алышканы менен аны режимдин ээси катары тан алышпады.

            Мирзияевдин, бул кландардын мамлекеттеги таасирин алсыратуу аркылуу аларды өз көзөмөлүнө алуу же аларды жок кылуу менен кайрадан өзүнүн режимин орнотууга аракет кылуудан башка айласы жок. Азыр Өзбекстанды бир нече кландык күчтөр башкаруусунун натыйжасында өлкөдө саясий башаламандык абалы да сакталып калууда. Бул – сот, прокуратура жана коопсуздук түзүмүндөгү кызматкерлерди Мирзияев өзүнүн толук таасири астына ала албай жатканынан ачык көрүнүп турат. Анын чегараны жеңилдетип, соода алакаларын күчөтүүгө каратылган бардык аракеттери да ийгиликсиздикке учуроодо. Себеби,Каримов режими, мамлекетке бирер ишти амалга ашыруу, сөзсүз түрдө коопсуздук түзүмүнүн көзөмөлү, таасири жана уруксаты менен гана кылына турган система түзүп берген. Өзбек-Кыргыз чегараларынын ачылышы үчүн, ушул коопсуздук түзүмү Кыргызстанды коопсуз мамлекет деп тан алышы керек.

            Демек, Атамбаевдин Өзбекстанга барышы же анын каалоосу чегараны ачып таштоо үчүн негиз боло албайт. Чегара Өзбекстан тараптан бир тараптуу бекитилген. Кыргызстан тараптан а түгүл, тикендүү зым да тартылган эмес.Ошондуктан, чегаранын ачылышына же анын жабылганына Атамбаевдин алакасы да таасири да жок. Бул, өзбек элинин байлыгына, мамлекетине сүлүктөй жабышып, канын соруп жаткан бир нече кландар деп аталган жегичтердин кызыкчылыгына жана алардын мамлекеттеги таасир күчүнө байланыштуу. Азырынча, Мирзияевдин аларга кубаты жетпей турат!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here