Гунгар Авчиуглу: Халифалык мамлекетин кайта жарыя кылуу керек
Түркияда чыккан “Милад” гезитинин кабарчысы Гунгар Авчиуглу өз макаласында Халифалыкты тилге алып, Халифалык мамлекетинин кайта жарыяланышы зарылдыгы тууралуу жазды.
Авчиуглу, макаласында мусулмандардын башын бириктире турган мамлекети жок болгондуктан, куфр дүйнөсү мусулмандарга карата өздөрү каалагандай мамиле кылып жатканын билдирди. Анын айтымында, эгер мусулмандардын башында халифасы болгондо, бүгүнкү кор акыбалга түшмөк эмес.
“Азиз достор, дүйнөнү башкарып жаткан зулум күчтөр ислам дүйнөсү менен кудум мышык чычкан менен ойногондой ойноп жатат. Мунун себеби, Ислам дүйнөсүн бириктирип, тартипке сала турган бирдиктиктүү бийликтин жоктугу. Бүгүн Халифалык мамлекети иш жүзүндө болгондо, эч качан Ислам дүйнөсүнүн башына мындай кор күндөр түшпөйт болчу. Баарынан мурда, Ислам дүйнөсү мындай чачыранды абалга келбейт эле. Эң маанилүүсү дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткандар мусулмандар арасына фитнаны мынчалык оңой сала албайт болчу. Кудай акы, айткылачы, Ислам дүйнөсүндө бирдиктүү бийлик болгондо, бир диндин өкүлдөрү (бири-бирине каршы) согуш жакасына чейин келет беле? Жок! Эч качан мындай болбойт эле. Биз мусулман катары өзүбүзгө келип, Халифалыкты кайта тикелебесек, нефтибиздин да, жерлерибиздин да биз үчүн эч кандай баркы жок. Биз бири-бирибиз менен согушуп жатып, алар болгон нерсебизди ташып кеткенин билбей да калдык. Кийин биз ушуга ылайыкпыз деп отура турган болуп калдык. Азиз достор, эгер Ислам дүйнөсүндө биримдик, бүтүндүк болсо, бул бир гана Халифалык саясы астында гана ишке ашат”,- деди Гунгар Авчиуглу өзүнүн макаласында.