Азимовду Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгышкан

262
0

Азимовду Кыргызстандан мыйзамсыз алып чыгышкан

Санкт-Петербург метросундагы теракт иши боюнча күмөндөлгөн Акром Азимовдун адвокаты Ольга Динзенин ырасташынча, Азимовду ооруканадан Москвага мыйзамсыз түрдө алып чыгышкан. Анын Россияда кармалган видеосу сахналаштырылган.

Динзе Москвадагы райондук сотто, Азимовдун Кыргызстандын Ош шаарындагы “Хосият” клиникасынан алынганын тастыктаган маалымат берди. Ага ылайык, Азимовду 15-апрелде жергиликтүү орган кызматкерлери оорукананын реанимация бөлүмүнөн алып чыгышкан жана андан кийин аны эч ким көрбөгөн. Азимовго ушул ооруканада операция жүргүзүлгөн болчу.

Адвокат сот жараянында, “19-апрелде Азимовдун Москвадагы автобус бекетинде сумкасында граната менен кармалган видеосу сахналаштырылган”,- деп айтты.

Анын ырасташынча, Азимов жанында дагы бир киши менен бирге Москвага учак аркылуу жеткирилген. Россиядан болсо Азимовду федералдык коопсуздук кызматкерлери тосуп алган.

Адвокат РИА “Новости” кабар агенттигине Азимовдун Кыргызстандан алынган маалыматын көрсөткөн. Бул маалыматты алууга адвокат укуктуу болгон.

Ал эми, кабар агенттиги тергөөнүн ушул маалыматты тастыктаган пикири айтыла элегин билдирген.

Россия тергөө комитетинде айтылышынча, теракттын болжолдуу уюштуруучусунун иниси Акром Азимов терактты уюштурган Акбаржон Жалилов менен телефон аркылуу сүйлөшүп турган жана ага Түркияда кандайдыр бир эл аралык террордук уюмдун мүчөсүнөн алган акчаны жиберип турган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here