Меркел: АКШ менен Британияга таянбаш керек

172
0

Меркел: АКШ менен Британияга таянбаш керек

Германия канцлери Ангела Меркел Европа мындан ары Дональд Трамп жетектеген АКШга жана Европа Биримдигинен чыгып жаткан Британияга таянууну токтотушу зарыл экенин билдирди. Меркел бул эки мамлекет менен бирге Россияга да достук мамиле кылуу каалосу бар экенин билдирип жатып, Европа өз тагдырын өзү белгилөө үчүн аракет кылышы зарылдыгын айтып өттү. Германия канцлери Мюнхен шаарында шайлоо кампаниясынын алкагында уюштурулган чогулушта сүйлөгөн сөзүндө: “Ушуну жакшы түшүнүүбүз зарыл, өз тагдырыбыз үчүн өзүбүз күрөшүүгө мажбурбуз. Башкаларга таянып иш кыла турган күндөр өттү. Соңку бир нече күндө бул доордун бүткөнүнө өзүм күбө болдум”, деди.

Меркел мындан кийин Германия үчүн алгач Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануел Макрон менен мамиле кылуу артыкчылыктуу экенин айтып, “Биз европалыктар өз тагдырыбызды өз колубузга алышыбыз керек”, деп кошумчалады.

Меркелдин АКШга каратылган сын пикиринин артынан Германия Тышкы иштер министри Сигмар Габриел да ушундай маанидеги баянат менен чыкты. Анын айтымында, АКШ жетекчилигинин өз билемдик менен жүргүзүп жаткан саясаты Батыш мамлекеттерин алсыратып жатат.

Өзүнүн копол мамилеси менен таанылган АКШ президенти Дональд Трамп Меркел менен Габриелдин баянаттарына твиттер тармагы аркылуу жооп берди. АКШ президенти: “Германия менен АКШ ортосундагы соода тармагында көптөгөн мүчүлүштүктөр бар. Мунун үстүнө Германия коргонуу үчүн НАТОго төлөй турган каражатты да бербей жатат. Бул АКШ үчүн жакшы эмес жана албетте мындай абал өзгөрөт”, деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here