Тажикстанда “Антитеррор-2017” машыгууларынын 2-этабы болуп өттү

258
0

Тажикстанда “Антитеррор-2017” машыгууларынын 2-этабы болуп өттү

“Sputnik” агенттигинин кабарына ылайык, Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдары жана атайын кызматтары “Антитеррор-2017” деп аталган машыгууну баштады. Бул машыгууга Азербайжан, Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Россия мамлекеттеринин делегациялары келди.

“Алдыда бизди тыгыз үч күн күтүп турат. “Дүйшөмбү-Антитеррор-2017” кызматташтыгындагы жүргүзүлүп жаткан машыгуулар жолугушуунун негизин түзөт,- деди КМШ Антитеррор борборунун жетекчиси Андрей Новиков.

31-май күнү Тажикстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын баштоосунда машыгуулардын экинчи бөлүгү башталды. Атайын кызматтар террорго каршы операцияны көрсөтүп, теле борборду бошотушту. Бул машыгууулар Россия жана Тажикстан күч түзүмдөрү өлкө ичине бастырып кирген согушкерлерди жок кылуу менен аяктады. Антитеррор машыгууларынын биринчи баскычы 23-26 май күндөрү өткөрүлгөн.

Иш-чарага катышкан мамлекеттердин оперативдүү бөлүмдөрү террордук уюмдарды өздөрүнө тартуу менен алектенген жалдоочуларга каршы операция жасалды. Мындан тышкары, алар IP-трафикти а түгүл, социалдык тармактагы ресурстарды аныктай турган техникаларды сыноодон өткөрүштү.

Тажикстан коргоо министри Шерали Мирзо КМШнын бардык мамлекеттеринин алдында бирдей вазыйпалар турганын жана терроризмге каршы күрөштө кызматташуу өнүгүп жатканын белгиледи.  Министр, Чегараларыбыздын айланасындагы кырдаал оор боюнча сакталып турат жана бул коркунучка каршы туруунун жападан жалгыз жолу бирге күрөшүү, деп кошумчалады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here