Капитализм себептүү миллиондогон адамдар ачкачылыктан өлүүдө
Жакынкы алты айдын ичинде Нигерия, Сомали, Түштүк Судан жана Яманда 20 миллион адам ачарчылыктан өлүшү мүмкүн. Бул тууралуу БУУ Азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюмунун башкы директору Жозе Грациано да Силва билдирди.
“Эгерде биз эч кандай чара көрбөсөк, жакынкы алты айдын ичинде 20 миллионго жакын адам ачарчылыктан өлүшү мүмкүн”, “Ачарчылык адамдарды өлтүрүүдөн тышкары социалдык туруксуздукка да себеп болот. О.э. адамдарды жакырчылыкка жана тышкы жардамга муктаждыкка дуушар кылат, мындай абал ондогон жылдарга сакталып калат”, – деди Силва.
“РИА Новости”нин кабарына таянсак, БУУнун качкындар боюнча агенттиги 2017-жылы Яман, Нигерия жана Африка өлкөлөрү ачарчылыктан кыйроого учурашы тууралуу эскерткен. Агенттиктин маалымат катчысы Эдриан Эдвардстын билдиришинче, каржылоо булактары жетиштүү болбогону себептүү жакын арада региондо 2011-жылы жүз берген кризистен да жаманыраак гуманитардык кризис жүз бериши мүмкүн. 2011-жылдагы кризистин натыйжасында жарымы жаш балдардан турган 260 миңден ашуун адам ачарчылыктан өлгөн эле.
Түштүк Суданда мамлекет бойлоп ачарчылык жарыя кылынган, 100 миңдей адамдын өмүрү коркунучта. Сомалиде да адамдардын турмушу оорлошуп барууда. Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Жоел Миллмандын билдиришинче, жүз миңден ашуун адам мекенин таштап, тамак-аш жана суу табуу үчүн Эфиопия тарапка кеткен. Ал эми табигый кырсыктар коркунучун алдын алуу комитетинин өкүлү Абеба Зевдиенин билдиришинче, Эфиопиянын өзүндө да тамак-ашка муктаж адамдардын саны 7,7 миллионго жеткен.
Эл аралык миграция уюму бул кырсыктардын алдын алуу үчүн эл аралык коомчулукту аларга тездик менен жардам берүүгө чакырды. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Жакынкы чыгыш, Түндүк Африка, Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Мухеннед Хади мындай деди:
“Мамлекет ачарчылык жарыя кылган убакта көпчүлүк адамдар алда качан эле өлгөн болот. Эгерде азыр аракетти баштасак, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калышыбыз мүмкүн. Эл аралык коомчулукту, каражат менен камсыздоо жана мамлекеттин түрдүү аймактарында ачарчылыкка каршы иш-чараларды өткөрүү үчүн тездик менен бизге жардам берүүгө чакырабыз”.
Туркистон:
Африка континенти, кен байлыктардын үлкөн запасына ээ о.э. жаныбарлар дүйнөсүнө бай континент. Бирок ошондой болсо да, өзүн-өзү бага албай турган деңгээлде карызга батып, калкы ачарчылыктан кырылып жатат. Албетте, мунун себеби колдонулуп жаткан капиталисттик түзүмдө. Себеби, капитализм мабдасы пайдапарастыкка курулган түзүм. Колонизатордук, башка калктарды кулга айландыруу, алардын байлыктарын талап-тоноо капитализмдин табиятында бар. Капитализм себептүү бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүндө да ачка отурган миллиондогон адамдар бар. Үчүнчү дүйнө өлкөлөрүн го айтпай эле коёлу.
Ушундай болгон соң, капитализм мабдасы өкүм сүрүп турган учурда “Каражат бөлүү” же “гуманитардык жардам” менен бул проблемалар чечилбейт. Бул сыяктуу чечимдер проблеманын өмүрүн узартууга гана кызмат кылат. Бул проблема, капитализмди түп-тамыры менен сууруп таштап, анын ордуна зекет ала турган муктаж адам табылбай кала турган абалды жүзөгө чыгаруучу Ислам мабдасын алып келүү менен гана чечилет.