Генерал Достум Афганистандан чыгып кетти

181
0

Генерал Достум Афганистандан чыгып кетти

Афганистандын биринчи вице-президенти генерал Абду Рашид Достум дарылануу үчүн Түркияга кетти. Бул тууралуу генералга жакын адамдар билдиришкен.
Мындан бир аз мурда, жергиликтүү ЖМКлар Афганистандын Жаузжан провинциясынын мурдагы губернатору Ахмад Эшчи менен генерал Достум жаңжалдашканы туурасындагы кабарларды таратышкан эле. Эшчи Достумдун жан сакчылары аны таяктап жана акаарат кылганын кабарлаган.
Башка булактарда келишинче, Афганистан президенти Ашраф Гани генерал Достумду мамлекеттен мажбурлап чыгарып жибермекчи болгон. Бул тууралуу ал Түркия президенти Таййип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, генерал Достум үчүн Түркиядан эки жолу самолёт чакырган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here