Өзбекстан жана Кытай 20 миллиард долларлык келишимге кол коёт

235
0

Өзбекстан жана Кытай 20 миллиард долларлык келишимге кол коёт

“Sputnik” кабарына караганда, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 11-15-май күндөрү Кытайга жасай турган үч күндүк сапарында жалпы баасы 20 миллиард долларлык 100гө жакын келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бу тууралуу Өзбекстан басма сөз кызматынын башчысы Асад Ходжаев маалымдаган.
“Мамлекеттик визит “Бир кур – бир жол” форумуна багышталат. Бу Кытай тарабынан өткөрүлүп жаткан кең көлөмдөгү форум. Ал 100дөн ашык мамлекет жана эл аралык уюмдардын башын кошот. Биз ээ болгон маалыматтарга негизделсек, бул форумда 40тан ашык мамлекет жетекчилери катышуусу күтүлүүдө. Алар соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык мүнөздөгү маселелерди да талкуулашат. Өзбекстан ушу форум алкагында активдүү катышууну пландаштырган”, – деп белгилеген Ходжаев.
О.э. президент басма сөз кызматынын жтекчиси Кытай менен алакалар өнүгүп жатканын да кошумчалаган. Арийне, эки мамлекете ортосундагы товар айлануу өткөн жылы 4,2 миллиард доллар болгон. Кытайдан Өзбекстанга тартылган инвестициялар 8 миллиард долларга жеткен. Эки мамлекет ортосунда 230 түрдүү нормативдик документтерге кол коюлган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here