Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлдү

360
0

Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлдү

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы Кыргызстанга жардам катары 100 миллион доллар бөлүү боюнча келишимди жактырды.
“Келишимге ылайык, казак тарап кыргыз тарапка Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу боюнча “Жол картасында” каралган иштерди аткаруу үчүн 100 миллион доллар көлөмүндөгү акчалай жардам берет. Берилген жардам өлкөнүн бажы өткөрмө пункттарын, санитардык жана ветеринардык системаларын ЕАЭБдин талаптарына ылайыкташтырууга жумшалат”, – деди Казакстандын экономика министри Тимур Сулейменов.
Аталган жардам баскычма-баскыч, өкмөттөр аралык протоколдорго ылайык, акча, окутуу же товар түрүндө берилет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here