Америка жана Түндүк Корея ортосундагы чыңалуу

427
0

Америка жана Түндүк Корея ортосундагы чыңалуу
Суроо:
Америка менен Түндүк Корея ортосундагы чыңалуу өз чегине жетип барды. Америка Түштүк Кореяда ири масштабтуу аскерий машыгууларды өткөрө баштады. Америка бул чыңалуу алкагында согуштук кемелердин топтомун, анын ичинде тик учак учуп коно турган кемесин да Түндүк Кореяга жакын аралыкка алып барды. Түндүк Корея болсо өзөктүк согушу менен коркутту. 2017 04 15 “Би Би Си” нин маалыматына ылайык: “Түндүк Корея Америкага аймакта кандайдыр бир чагымчылдык иш кыла турган болсо, өзөктүк соккусу менен жооб берерин эскертти”. Бул чыңалуунун акыйкаты кандай? Бул эки өлкө ортосунда өзөктүк согуш болушу мүмкүнбү? Кийин Кытайдын өз чек арасына жакын аралыктагы бул чыңалууга позициясы кандай болот, айрыкча, Түндүк Корея ага каршы эсептелген абалда?
Жооб:
Ооба, Америка менен Түндүк Корея ортосундагы чыңалуу өз чегине жетип барды. Трамп өз мансабына келгенден баштап, Түндүк Кореянын өзөктүк ракеталарын сыноосу Американын Түндүк Кореяны опузага алуусуна жүйө болуп калды. Трамп бийликке келгенден баштап, Түндүк Корея менен Америка ортосундагы чыңалуу көңүл бурарлык деңгээлге чыкты. Трамптын админстрациясы Азиядагы союздаштарынын кызыкчылыгы үчүн “Түндүк Корея коркунучу” аталышындагы “коркунучка” чек коюуну биринчи кезектеги маселе катары көтөрүп, бийликке келишти. Буга болгон ишаралар төмөнкүчө:
1. Түндүк Корея маселеси Америка стратегиясы үчүн күчтүү душмандыкты билдирген аскерий маселе эмес. Түндүк Кореянын түзүмү Америка түзүмүнө баш ийбеген коммунустик түзүм болгону менен, анын аянты кичинекей болгондуктан, анын аскерий кубаты да Американы коркунучка сала турган негизги маселелерден эмес. Бирок, ал Кытайды ооздуктап турууда Америка ыхтыярынын бир бөлүгү болуп саналат. Америка Кытайдын өнүгүп баратышын өзүнө карата ири кооп-коркунуч катары карайт. Кытайдын кубатын чектеп койуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырат. Мына ушул Американын Кытайга карата кылган ыхтыярынын бир бөлүгү катары, Кытайдын чек арасынын жака белинде чыңалуу кырдаалын пайда кылуу максатында, Түндүк Кореяны тандады. Муну тастыктай турган нерселер: Обама Кытайдын айланасында союздарды түзүүнү жандандырды. Америка бул жаатта Индия, Флиппин, Веьтнам, Түштүк Корея жана Жапония менен алакасын күчөттү. Американын бул союздарды түзүүдөгү максаты Кытайды курчоого алуу жана Түштүк Кытай деңизи аркылуу дүйнөгө алып чыга турган Кытайдын соода жолдорун жана анын саясий кызыкчылыктарын чектөөгө багытталган. Американын Түндүк Корея менен кырдаалды курчутуусу Американын Кытайдын айланасында кылып жаткан чыңалууларынын бири гана болуп саналат. Мисалы, ал Кытай менен Индия ортосунда чек ара маселериндеги талаш-тартышты да күчөтөт. Кытайдын Жапония, Филиппин, Веьтнам, Малайзия ортосундагы талаштуу аралдар маселесин да көтөрөт. Дагы бир тараптан, Америка Кытайды ооздуктоо максатында, Жапония Кытайга бетме-бет келиши үчүн, Жапонияга карата койулган аскерий тосуктардын көп бөлүгүн алып салды. Бүгүнкү күндө Америка “коркунуч” маселесин негизги маселеге айлантуусу Американын Кытайга каршы стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат. Американын азыркы күндө Түндүк Кореяга карата кысым кылуусу күч алса да, негизи, Американын Түндүк Кореяга карата кысым кылуусу жаңы иштерден эмес. Бул стратегия кысым кылуу сүйлөшүүлөрү ыкмасы катары ишке салынган. Пхеньяндын өзөктүк долбоорун токтотуу үчүн 1994-жылы Американын Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрү өз мөмөсүн берди. 2008-жылы “алтылык” сүйлөшүүлөрү алкагында Йонбендеги реактордун иши токтотулду. 2012-жылы Түндүк Кореянын өзөктүк долбоорун токтотуу жана текшерүүчүлөрдү киргизүүгө уруксат берүү тууралуу сүйлөшүүлөрү да өз жемишин берди. Американын алардын ордуна жеңил суу менен же мунай менен камсыз кылуу убудаларын аткарбагандыгы, же Пхеньянга берем деген жарадамдарын бербей аны кемсинтүүсү себебтүү, Пхеньяндын өзөктүк долбоорун кайра жандантууга болгон ар жолку аракетинин артында Америка турду. Америка эми жаңы ыкманы ишке салды. Ал ыкманын алакагында Америка 60% деңиз аскерий күчтөрүн алыскы чыгыш деңизине алып барды. Америка бул ыкманы ишке салуусунун максаты, кичинекей Кореяга каршы туруу эмес. Балким, Кытайдын кубатын ооздуктоого багытталган. Бүгүнкү күндөгү Америка менен Түндүк Корея ортосундагы жүз берген чыңалуу да ушул ооздуктоо алкагына кирет.
2. Америка ТИМи Тиллерсон “Американын Түндүк Кореяга карата сабрдуулук стратегиясы аягына чыкты” деп билдирүү берди. “Тиллерсон Түштүк Кореянын ТИМи Юн Бен-Се менен Сеулда берген пресс-конференциясында мындай деди: Ачыгын айтсам, сабырдуулук стратегиясы аягына чыкты. Биз мүмкүн болгон жаңы дипломатиялык жана коопсуздук амалияттарынын топтомун караштырып жатабыз”. (“Reuters” 2017 03 17) Американын бул кадамын ушул нерсе да тастыктап турат. Анткени, Америка Түркиянын жардамы менен Халабдан козоголоңчуларды алып чыгып кетип, Халаб Сирия режимине тапшырылгандан кийин, Сирия жаатында бир аз тынчтанып алды. Тактап айтканда – Америка ойлогондой – Сириядагы козоголоңчулардын коркунучу азая түштү жана Түндүк Корея жаатына көңүл бурууга мүмкүнчүлүк алды. Ошондуктан, Обама мезгилинде Сирия маселеси күн тартибиндеги биринчи маселе болгонундай эле, Түндүк Корея маселеси Трамптын админстрациясынын биринчи кезектеги маселеси катары күн тартибине койулду. Америка Кытайды курчоого алуу планын аягына чыгара элек. Ал бул жаатта ыкмаларды караштырып жатат. Ошондой эле, союздаштарын да даярдап жатат. Ошондуктан, Түндүк Корея менен болгон абалдын курчушу Вашингтон үчүн оңтой берди болуп калды. Американын сабырдуулук стратегиясынын аягына чыгуусун жарыялоосу Түндүк Корея менен аскерий аракетке баруусуна ишара катары болду. Түндүк Кореянын аскерий сыноолоруна каршы Американын чагымчылык мүнөздө берген билдирүүлөрү да ушуну түшүндүрүп турат. Алар төмөнкүлөр:
А. Америка ТИМи Тиллерсондун Түндүк Кореяны өзөктүк курал менен коркутууга алуусу. “Америка ТИМи Тиллерсон Пхеньяндын акыркы ракета сыноосуна жооб катары жана Түштүк Корея менен Жапонияны коргоо максатында Түндүк Кореяга карата “өзөктүк кармоо” куралы колдонулары менен коркутту. Тилерсон Түштүк Корея жана Жапониянын ТИМдери менен биргеликте билдирүү чыгарды. Ал билдирүүдө Америка Токио менен Сеулду “өзөктүк кармоо” куралын колдонуу аркылуу коргоого алууга чечим кылганы баса белгиленген”. (“Спутник Россия” 2017 02 17)
Б. Америка Жапония менен Түштүк Кореяны өзөктүк курал менен камсыздоого алуусу менен коркутушу. “Америка ТИМи Тиллерсон ошол эле күнү мурдараакта Жапония менен Түштүк Кореяда да өзөктүк курал пайда болуп калышы чындыктан алыс эмес экендигин билдирди. Министр бул аймактарда Американын өзөктүк куралдары жайгаштырылышы же Түштүк Корея менен Жапониянын өзөктүк курал даярдашы жөнүндө сөз болуп жатканы тууралуу ачыктаган жок”. (“Спутник Россия” 2017 03 18)
В. Трамптын Түндүк Кореяга карата Американын сокку бере турган куралдары көп экендиги тууралуу берген чагымчыл билдирүүсү. “Америка президенти Трамп Кытай мамбашы Си Цзиньпин менен бир саатка созулган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Трамп Си Цзиньпинден Американын тик учактарды алып жүрө турган кемеси эле бар болбостон, суу астындагы өзөктүк кемеси да бар экендигин Ким Чен Ынга кулак кагыш кылып коюусун талаб кылды. Дагы көтөрүңкү үн менен: “Биз Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуусуна эч качан жол бербейбиз. Аларда өзөктүк куралдарды алып жүрө турган жабдыктар азыркы күнгө чейин жок. Бирок, алар муну пайда кылганга аракет кылып жатышат”, – деп айтты. (“Спутник Россия” 2017 03 14 Американын “Wall Street Journal”ынан көчүрүп басып чыккан)
Г. Пхеньяндын жаңы өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөндөн кийин жана алтынчы өзөктүк сыноосуна даярдык көрүлө баштагандыгы кооп-коркунучу себебтүү , Америка тик учактарды алып жүрө турган кемелер коштогон ири көлөмдөгү аскерий кубатын Түндүк Кореянын жака белине алып келип койду. “АКШ Тынч океан командачылыгынын басма сөз катчысы “Американын тик учак конуучу “Карл Винсон” кемеси, Аба Флоту, эки бүлгүнгө сала турган бомбалоочу тик учак жана ракета крейсерлери Австралияга белгилүү мөөнөткө токтогондон кийин, Корея жарым аралына бет алгандыгын билдирди. Бул аскерий иш-аракет “этиятык иш чарасы” катары багытталгандыгын белгиледи. Катчы дагы кошумчалап, аймактагы кооп-коркунучтун очогу – бул Түндүк Кореянын ракеталарды сыоноодон өткөрүүсү экендигин баса белгиледи”. (“France24” 2017 04 09) АКШнын вице-президенти Майк Пенс 2017 04 22 Сиднейде журналисттерге берген маегинде бул аскерий иш-чараны тастыктап мындай деди: “Жакынкы күндөрү, бул ай бүтө электен мурун, тик учактарды алып жүрүүчү кеме, бүлгүнгө салчу эки бомбалоочу тик учак жана ракета крейсерлери Жапония деңизине жетип барат”. Майк Пенс сөзүн улап, Түндүк Кореяны ката кетирбөөгө чакырды. “Биздин кызыкчылыктарды жана союздаштарыбыздын коопсуздугун, кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк бере турган, дүйнөнүн бул бурчундагы аймакта Америка ресурстары жана кызматкерлери бар.” Пенс дагы кошумчалап: “Эгер Түндүк Корея кандайдыр бир сокку урууга барса, какшаткыч сокку аларын” убада кылды. Пенс Түндүк Корея Азия жана Тынч океан аймагындагы тынчтыкка кооп туудуруп жаткан өлкө экендигин баса бегиледи”. (“France Presse AFP” 2017 04 22)
Д. Америка аскерлеринин Түштүк Кореяда ири көлөмдөгү аскерий машыгууларды өткөрүүсү. “Түштүк Корея жана Америка аскерлери биргеликте шаршенби күнү ири көлөмдөгү аскерий машыгууларды баштады. Бул аскерий машыгуу Түндүк Кореянын коркунучунан коргонуу даярдыгын текшерүү үчүн жылына өткөрүлө турган аскерий машыгуу. Бул машыгуу Түндүк Корея 12-февралда жаңы баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөндүн артынан эле башталды”. (“Reuters”2017 04 01) Эске ала турчу нерсе, Американын Түштүк Кореяда 28500 аскерден турган ири аскерий базасы бар. Бул база, Деңиз кайгуул аскерий күчтөрүн айтпаганда, Кытай бассейни өлкөлөрүнүн жана Тынч океан аралдарынын чейрек миллион аскерди камтыган аскерий түзүмүнүн бир бөлүгү катары саналат.
3. Мына ушундайча Трамп согуш абалы босогого келип калгандай түр жаратты. Бирок, Америка азыр согушту каалабай тургандыгына далалат кылган ишаралар бар. Алар төмөнкүлөр:
А. АКШ Түндүк Корея жаңы сыноолорду өткөрө турган болсо күчтүү жооб кайтара тургандыгын коркутуу менен убада кылды. Түндүк Корея буга жооб катары 2017 04 15 ири көлөмдөгү аскерий парад өткөрдү. Пхеньян телевидение аркылуу өзүнүн аскерий кубатын суу астындагы кемелер аркылуу, кээ бир континенттерге жетүүсү мүмкүн болгон баллистикалык ракеталарды атууга кудуреттүү экендигин көргөздү. Башкача айтканда, Америка континентине жетүүсү мүмкүн болгон. Түндүк Кореядагы бул аскерий кубат Америка үчүн оңтойсуз абалды жаратты. Америка олуттуу зыян тартпай турган, же согуш оту анын жерине чейин жетип барбай турган согуш планын каалап жатат. Түндүк Корея аскерий кубатын ашкере кылгандан кийин, Американын коркутуп кыйкырып жатканы ишеним жаратпай калды. Пхеньян телевидение аркылуу өзүнүн аскерий кубатын жана суу астындагы кемеси аркылуу баллистикалык ракетеларды атууга кудуреттүү экендигин көргөзүү менен чектелип калбастан, 2017 04 16 континенттерге учуп жетүүсү мүмкүн деген ракетасын сыноодон өткөрдү. Ал ийгиликсиз болсо дагы, Америкага атаандаштыгын билдирди. Ошондуктан, Американын коркутуп опузага алып жатканы азыр аткарыла турган реалдуулук эмес экендиги ачык-айкын болду. Башкача айтканда, Америка азыр согушка киришүүгө даяр эмес.
Б. Америка азыркыга чейин өзөктүк калканы түзүмүн “THAAD”ды Түштүк Корега жайгаштыра элек. Болгону аны жайгаштыруу тууралуу даярдыктар, келишимдер жүрүп жатат ал даярдык бир жылга жакын убакыты талап кылат. Американын Чыгыш Азия жана Тынч океан иштери боюнча госсекретардын жардамчысы Сьюзан Торнтон: АКШнын өзөктүк коргону калканы “THAAD” ды Түштүк Кореяга жайгаштыруу пландын негизинде ишке ашат деп билдирди… Маалым болгондой, Американын ракеталык коргонуу түзүмүн Түштүк Кореяга жайгаштыруу ушул жылдын июнь же июль айларына туура келет. Бирок Түштүк Корея менен Америка Түндүк Корея ракеталык сыноосун өткөргөндүн артынан эле бул коргонуу ракетасын жайгаштырууну тездетүүгө токтом кылышты. АКШнын “THAAD” ракеталык түзүмүн Түштүк Кореяга жайгаштыруу тууралуу келишим Вашингтон менен Сеулдун ортосунда 2016 июлда эле жетишилген… АКШнын “THAAD” ракеталык түзүмү Корея жарым аралына жайгаштырылышы Орусия менен Кытайды тынчсызданууга салды. Жапония болсо бул ракетаны жайгаштыруу аймакта коопсуздукту кепилдей тургандыгын билдирди… ( “Спутник Россия” 2017 04 17)
В. Америка-Кытай мамилесин жакшырта турган, Америка менен Кытайдын ортосунда жетишилген ири көлөмдөгү соода келишими аткарылышынан мурда жүз күн аралыгында, Америка Түндүк Кореяга карата аскерий сокку бериши акыйкаттан алыс. Трамп шайлоо кампаниясы учурунда Кытай товарларына карата 45% салык салуу убадасына тескери иш тутуп, Америка соода жаатында Кытайга карата жумшагыраак мамиле кылууну каалап жатат. Башкача айтканда, Кытайды азгыруу аркылуу Пхеньянга катуу кысым өткөрүүгө тукуруу. Американын Кытайга карата бул кадамы Кытайдын Түндүк Кореяны жардамсыз таштап койгонун актоочу шылтоо болуп калат. Ошондой эле, Түндүк Кореяны Америка жана анын союздаштарынын каршысында жалгыз калуусун да Америка каалап жатат. Бул нерсе Америка үчүн эки максадды жүзөгө чыгарат:
Биринчиси:
Эгер Америка бул нерседе ийгиликке жетишсе, Кытайды союздаштарынан оолакташтыруу аркылуу статусун түшүрөт. Кытайдын статусун түшүрүү алкагында Америка 2017 04 07 Трамп менен Кытай мамбашы Си Цзиньпин жолугушуусунда Сирияга ракеталык чабуул кылды. Муну кээ бир эксперттер Кытайга карата кемсинтүү кадамы катары баалашты. 2017 04 08 Америка армия штаб башчысынын экс орун басары, отставкадагы генерал Джек Кин “Fox News” сайтына Трамптын кылган иш-аракетине комментарий берип жатып мындай деди: “Ал айтканын кылды. Муну менен ал Кытайга кат жолдоду…” Тактап айтканда, муну менен Америка Түндүк Кореяга карата согуш кылуу жөнүндө өз ниетин, ошондой эле, Кытайдын Түндүк Кореяга катуу кысым кылуусун жана аны жардамсыз таштап коюу талабын Кытайга жолдоду. Эгер Кытай мындай кылса, анда Америка менен соода келишимин түзүү ийгиликтүү жана жеңил болот.
Экинчи:
Америка Кытайды Түндүк Кореяга каршы азуусун көргөзүүгө тукурган жана эки өлкө Түндүк Корея коркунучуна каршы бир ымалага келгендигин чагылдырган билдирүүлөрдү берүү аркылуу, Америка-Орусия ортосунда да тез арада бир ымалага келүү абалын жаратууну каалап жатат. Америка Корея маселесин Кытай менен Орусияны жарышка сала турган ыкма катары колдонуп жатат! Бул билдирүүлөр көңүл бурарлык деңгээлде болду. Америка вице-президенти Майк Пенс Австралиянын өкмөт башчысы Малкольм Тернбулл менен бирге берген пресс-конференциясында мындай деди: “Кытайдын азыркыга чейин кылып жаткан кадамдары бизди кубандырат.” Өткөн жумада Түндүк Кореянын массалык маалымат каражаттары АКШнын алдын ала сокку менен эскертүүсүнөн кийин, Трамп Кытайдын Түндүк Корея коркунучун ооздуктоого болгон аркетин мактоого алды…” (“Хаят”гезити “ Сидней “Reuters” 2017 04 22)
Г. Америка Түндүк Кореяга каршы күчтүү аскерий блоктон туруп сокку берүүнү каалап жатат. Ал күчтүү блок Пхеньнянга каршы Орусия аскерий жактан Америка тарабында болуусу менен болот. Балким, Орусияны Сириядагыдай кылып найзанын учу катары пайдаланат. Анткени, Түндүк Корея Орусияны да Америка сыяктуу деп карап, көп учурда чалгып калат. Америка Киссинжердин мурунку жана жаңы планы негизинде, Обама учурунда Орусияга санкцияларды киргизиши жана Трамп мезгилинде Орусияны тукурушу планын аягына чыгарууда Америка кечикти. Негизги маселе, тактап айтканда, Тиллерсондун 2017 04 11 Москвага иш сапары менен келишинде Түндүк Корея негизги маселе катары койулду. Муну тастыктай турган нерсе 2017 04 16 “Россия сегодня” гезити “Комерсант Россия” гезитинен көчүрүп басып чыккан кабарда: “АКШ Москва менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Түндүк Корея маселеси жаатында ийгиликке жетишүүсү мүмкүн. Тиллерсондун Москвага келишиндеги негизги маселеТүндүк Корея болду”, – делет. Америка-Орусия келишиминен мурун Америка согушка кирсе, анда Америка көп чыгымга дуушар болот. Ошондой эле, Америка Түндүк Корея менен өзөктүк согуш башталып кетиши сыяктуу абалды жаратуу аркылуу Кытайды коркууга салып, аны Түндүк Кореяга каршы тукуруп, ага каршы коюуну да каалап жатат.
4. Ушулардын негизинде, Америка азыркы учурда Түндүк Корея менен согушка кирүүгө даяр эмес. Анда ылайыктуурак башка чечим да жок. Ал Кытайдын Түндүк Кореяга кысым өткөрүүсүн күтүп жатат жана аны тездетүүгө аракет кылууда. Америка Түндүк Корея маселесин өзү жалгыз чечүүсү жөнүндө билдирүүлөрдү байма-бай берүүдө. Башкача айтканда, Кытайсыз. Муну менен Америка Кытай Американын талабдарына жооб берип, Түндүк Кореянын өзөктүк куралын зыянсыздандыруу үчүн ага кысым өткөрүүсү керектигин билдирген түр жаратты. Ошондой эле, Америка Түндүк Корея маселесин чечүүдө Орусияны да ага жармаштырып, аны менен мунаса болуусун күтүп жатат. Ушул шарттар толук ишке ашмайынча, Америка согушка кирбейт. Ушул негизде, Түндүк Корея өзөктүк ракетасын сыноодон баш тартпаганына жана согуш Америка аймагына чейин кирип баруусу менен коркутуп жатканына карабастан, Америка Түндүк Кореяга карата опузасын басаңдатты. Америка коркутуусунун мизи майтарылгандыгына далил анын акыркы билдирүүлөрүндө келди: “Ассошейтд Пресс” маалымат агенттиги Америка аскерий булагынын маалыматын таратты. Ал булак: “Түндүк Корея акыркы өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөндүгүнө карабастан, азыркы учурда Вашингтондун Түндүк Кореяга карата согушка кирүү ниети жоктугун” чагылдырган. Булак дагы кошумчалап: “Пхеньян Түштүк Кореяга, же Жапонияга, же Америкага чабуул жасаган учурда гана Вашингтон согушка кирери жана Америка жетекчилиги учурда абалды курчутпоого бир добуштан кызыкдар экендиги” жөнүндө чагылдырган…” (“Россия сегодня” 2017 04 15) Америка өзү ойлонбостон пайда кылган чыңалууну жазууга аракет кыла баштады. Чыгыш Азия жана Тынч океан иштери боюнча Америка ТИМнин жардамчысы Сьюзан Торнтон: “Америка Түндүк Корея менен согушууга, же анын режимин өзгөртүүгө аракет кылбагандыгын” билдирди. Сьюзан Торнтон пресс-конференцияда мындай деди: “АКШ Түндүк Корея менен болгон талаш-тартышты, Түндүк Кореянын өзөктүк куралын тынч зыянсыздандыруу жолу менен чечүү керектигин ачыктан ачык билдирип келет. Биз согушка кирүүгө же режимди өзгөртүүгө кызыкдар эмеспиз”. (“Россия сегодня” 2017 04 17) Вице-президент Майк Пенс “Америка-Пекин жаңы кызматташтыгынын артыкчылыгы негизинде, Түндүк Корея жакынкы аралыкта өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөндүгүнө карабастан, Корея жарым аралында өзөктүк куралын тынч жол менен куралсыздандыруу мүмкүн” экендигин билдирди. Пенс дагы кошумчалап: “Эгер Кытай жана аймактагы союздаштар Түндүк Кореяга карата кысым кыла алышса, Корея жарым аралын өзөктүк куралдан тынч жол менен куралсыздандырууга тарыхый жол ачууга мүмкүндүк жаралат…” деди. (“Хаят”гезити Сидней Reuters 2017 04 22)
5. Корея жарым аралындагы Американын ойлонбостон пайда кылган чыңалуусундагы позициясынын акыйкаты мына ушундай. Бул позиция бул жылдын генералдык сызыгы. Бирок ушундай болгонуна карабастан, кайсы учурда болбосун, абал кайрадан курчуп кетиши толук ыхтымал. Америка, айрыкча күтүлүп жаткан Америка-Орусия келишимине жетишсе, согуш отун тутандырып жибериши да мүмкүн. Эгер келишимге жетишилсе, абалды кайрадан курчутуу башталат. Эгер келишимге жетишүү кечиксе, же такыр эле болбой калса, анда Корея жарым аралындагы абал Пхеньянды өзөктүк куралдан баш тартуусу үчүн ага карата кысым өткөрүлүүсү менен гана чектелинет. Эгер Америка админстрациясы Пхеньян менен болгон алакасында ойлонбостон кадам таштаса, анда анын акыбети өтө жаман болот. Бул негизги стратегияны ишке ашырууга азыркы Америка админстрациясынын тажрыйбасы жетишсиз. АКШнын мурдагы коргоо министри Леон Панетта АКШнын Түндүк Кореяга карата алдын ала сокку уруусунун акыбетинен эскертип, буга ишара кылды: “Бул жаатта кандай гана кадам болбосун, миллиондордун өмүрүн алган өзөктүк согуш тутанып кетет. Мына ушул нерсе мурунку Америка жетекчилерин Түндүк Кореяга сокку уруудан тосуп келген эле.” Ал дагы кошумчалап, Америка админстрациясын билдирүүлөрдү берүүдө этият болууга жана абалды курчутуудан сак болууга о.э. эч кандай шашылыш чечим кабыл албоого чакырды. Дагы бул маселени тынчтык менен чечүүгө Кытайга мүмкүндүк берүү үчүн күтүү зарылдыгына жана Вашингтон акыркы учурда Кытайдын Пхеньянга кийгилигишүүсүнө мүмкүндүк берип жаткандыгына токтолду. (“Россия сегодня” 2017 04 15)
6. Ал эми Кытайдын позициясы болсо, ал Америка абалды курчутуп жатканы согуш чыгаруудан башка нерсе эмес экендигин айкын түшүндү. Ошондуктан, ал согуш отун тутантпаганга бүт аракетин жумшап жатат. Тынч жол менен куралсыздандырууга чакырып, аскерий жол менен чечүүнү четке кагып жатат. Корея жарым аралын аскерлештирүүнү ачыктан-ачык четке какты. Ошондуктан, Американын өзөктүк коргонуу калканы “THAAD” системасын Түштүк Кореяга жайгаштырылышына каршы чыкты. “Кытайдын ТИМи Пекиндин “THAAD” системасы Түштүк Кореяга жайгаштырылышына каршы экендигин билдирди о.э. Түндүк Кореяны жана ага коңшу мамлекеттерди козута турган кадамдарга барбоого чакырды”. (“алжазиира нет” 2017 04 17) Бирок, ошол эле маалда, абал начарлап кетип башка согуш тутанып кетиши ыхтымалдыгына да даярдык көрүп жатат. Кытайдын ТИМи Ванг Йи ал согуш тууралуу мындай деди: “Эгер согуш тутанып кетсе, ал согушта жеңүүчү болбойт”. (“ Би Би Си” 2017 04 15) Ал эми Кытайдын даярдыгы тууралуу 2017 04 14 “Россия сегодня” кабар агенттиги Американын “United Press International” кабар агенттигендеги маалыматты басып чыкты: “Кытайдын куралдуу күчтөрү беш аскерий аймакта башкы командачыдан сергек жана даяр турууга түздөн-түз буйрук алгандыгын” баяндаган. Бул кабар агенттиги Гонконгдогу адам укуктары жана демократия борбору бейөкмөттүк уюумунун маалыматына таянып, Chandon, Thitszaan, Юньнань аскерий аймагындагы артиллериялык батальондор Түндүк Корея менен чектеш аймактарды көздөй жылууга буйрук алгандыгын баяндаган. Бул уюмдун маалыматына ылайык, өлкөнүн батышындагы 47-аскер бөлүгүндөгү 25 миң аскердин аскерий техникалары менен алыскы аралыктагы Түндүк Корея чек арасына жакын жердеги согуштук базага барууларына буйрук кылынган. Жапония кабар агенттигинин билдиришинче, Кытай куралдуу күчтөрүнүн Түндүк Корея менен чектеш аймактарды көздөй жылышынын негизги себеби, Вашингтон Сириядагы Шайрат аскерий базасына ракета менен сокку урганындай, Пхеньянга да алдын ала урулуучу ракета соккусунан чочугандыгы үчүн аскерин даярдыкка келтирип жаткандыгын жазып чыкты.
Бул маселеге карата жогорудагы аналитиканын негизиндеги биздеги басымдуу көз карашыбыз мына ушул. Балким, мындан да жаманы, бүгүнкү күндө дүйнөнү адам кейпиндеги жырткычтык башкарып турганда, адамдардын каны төгүлүүсү алар үчүн түккө турбайт. Эгер кызыкчылыктарына жетиш үчүн адамдардын каны төгүлүүсү талап кылынса, анда өзөктүк курал менен болобу, же өзөктүк эмес курал менен болобу, айырмасыз, бүгүнкү күндөрү кылып жатышкандай, адамдардын канын дарыя кылып агызышат… Дүйнө капитализм түзүмү өкүм сүрүп турганда тынчтыкта доор сүрө албайт. Бир гана бул түзүмдү түп-тамыры менен алып салып, анын ордуна адилеттүүлүк жана акыйкаттык түзүмү болгон, ааламдардын Роббисинин түзүмү болгон Халифалык орногондо гана дүйнө бейкуттукка бөлөнө алат. Ушул түзүм гана ааламга бакубат жашоо тартуулай алат. Жаратуучу жараткан нерселерине эмне жакшы, эмне жаман экендигин абдан жакшы билет.

“Билип койгула, жаратуучу Ал мээримдүү жана кабардар зат” [Мүлк: 14]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here