БУУ өкүлү: Борбордук Азияда радикал Исламчыларга каршы күрөш реперссивдик саясат менен болбойт

179
0
БУУ өкүлү: Борбордук Азияда радикал Исламчыларга каршы күрөш реперссивдик саясат менен болбойт
1993-жылдан бери биринчи жолу Өзбекстанга иш сапары менен келген БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зайд Раъад Ал Хусейн Борбордук Азияда “радикал исламчылар”га каршы басымды күчөтүү жакшы натыйжа бербестигин билдирди. Зайд Раъад Ал Хусейн БУУнун Өзбекстанга жакындашуусун канаатандыраарлык деп кабыл алып, Борбордук Азияда күчөп бара жаткан исламий радикализм (саясий Ислам) коркунучуна каршы “репрессивдик саясат”тан тыйылууга чакырды.
БУУ өкүлү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин юстиция түзүмүн кайрадан карап чыгуу планы жана диний экстремизмге каршы иш-чараларын өз ичине алган реформалык пландарга да токтолуп өттү. Хусейндин айтышынча, өкмөт жеке укуктарды камсыздоо аркылуу тең салмактуулукту сактоосу абдан маанилүү.
“Башка мамлекеттерде болгону сыяктуу, радикалдашуу коркунучуна каршы коопсуздук иш-чараларын ашыкча деңгээлде күчөтүү жана радикал Исламчыларга каршы репрессивдик саясат жүргүзүү менен болбойт. Мындай аракет экстремизм үчүн жаңы тарапташтарды табуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдештирет жек көрүү жана үмүтсүздүктү пайда кылат”, деди Хусейн.
Медиа брифингде Анжиян окуяларын “үрөй учурган окуя”, деп баалаган жогорку комиссар “Алдыга умтулуу маанилүу болсо да, өткөн окуялар менен кезигүүнү о.э. ошол окуяларда курбан болгондорду унутпашыбыз жана алардан зулумду жоюуу да мааниге ээ”, деди.
Хусейндин Өзбекстан президенти менен жарым сааттык интервюсу туурасында суралганда, “Абдан көп чекиттерде бир пикирге келдик. Бул жыйын анык кадамдарды таштоого жетиштире турган келишимдерге жол ачты, деп айта аламын”, деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here