АКШ Афганистан баткагына батып барууда!

186
0

АКШ Афганистан баткагына батып барууда!

АКШ Афганистанга кирген 2001-жылдан бери күндөн-күнгө баткакка батып барууда. Өткөн 16 жыл аралыгында Талибан жана афган калкына каршы күрөштө анын триллиондогон долларлары сапырылды. Афганистан тоолорунда 2300дөн ашык аскеринен кол жууду. 20 миңден ашык аскер инвалид болуп үйлөрүнө кайтты.
Дүйнөнүн эң күчтүү мамлекети эч кандай мамлекетке ээ болбогон бир кыймылга каршы 16 жыл согуш алып барган болсо да, Афганистандагы абал АКШ жана НАТО үчүн дагы-да татаалдашканы көрүнүүдө. Талибан жана афган калкына каршы согушта бир триллион доллардан ашык каражат сарпталганына карабай, мамлекеттин дээрлик 50% бөлүгүнө жетип барган Талибандын ийгилиги НАТО жана АКШ генералдарын оор ойго салды. Алар үчүн эң коопсуз жай эсептелген Кабулда да арты-артынан ишке ашырылган аскерий амалдардан улам мамлкетте АКШ жана НАТО күчтөрү үчүн коопсуз жайлар таарып барууда.
Талибан “Мансура операциясы” аты астында жазгы чабуулдарын күчөтүүдө. Кыймыл тарабынан таркатылып жаткан расмий баянатта, Мансура операциясы чэт элдик аскерлерге каратылган. Акыркы кабарларга ылайык, Талибан кыймылы Баграм районунда бир танкты жардырып 4 АКШ аскерин өлтүргөн. Мындан бир нече күн мурун Кабулда НАТО автоунааларына кылынган чабуулда 8 киши каза болгон жана 25 киши жаракат алган.
Азыркы убакта Афганистан өкмөтү Талибандан жеңиле баштагандыктан, кайрадан жалган кабарларды тарката баштады. Талибан күчтөрү стратегиялык мааниге ээ Кундуз аймагына караштуу райондорду өзүнө каратып алганын билдирген. Бирок Афган өкмөтү мамлекеттик телевидениелерден ал аймак өздөрүнүн көзөмөлүндө экендигин айтышты. Ошол эле учурда Талибан кыймылы ал райондорду карамагына алгандыгын ошол мекемелерден туруп видео кайрылуу жасашууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here