Лавров: Сүйлошүүлөрдүн негизги бөлүгү Сирия тууралуу болду

174
0

Лавров: Сүйлошүүлөрдүн негизги бөлүгү Сирия тууралуу болду
Россияда жекшемби күнү эфирге узатылуучу “Воскресное Время” программасына катышкан РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусу тууралуу сөз кылды. Анын билдиришинче, Трамп жолугушуу учурунда ар дайым Россия менен жалпы кызыкчылыктар алкагында алака орнотуу ниетинде болгондугун айткан.
“АКШ президенти Дональд Трамп шйлоо кампаниясы учурунда да, президенттик кызматка киришкенден кийин да Россия менен жаман алакада болуу каалоосун билдирбеди. Тескерисинче, бардык мамлекеттер, ошону менен бир катарда Россия менен да жалпы кызыкчылыктар алкагында өз ара урмат негизинде алака кылуу ниетинде экендигин айтып келүүдө”, – деди Лавров
АКШ президенти Дональд Трамп жана АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен бир сааттай убакыт Сирия маселесин талкуулашкандыгын о.э. сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү Сириядагы кырдаал тууралуу болгондугун айткан Лавров “Жалпы кызыкчылыктар” дегенде терроризмге (Исламга) каршы күрөштү назарда туткандыгын билдирди.
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да НВC каналына берген интервьюсунда Американын улуттук коопсуздугу үчүн Россия менен АКШ ортосундагы учурдагы алакаларды дагы да күчөтүү керектигин билдирди.
“Менимче, бул алакаларга жакшыраак көңүл буруу керек. АКШнын коопсуздугу үчүн зарлы болгон алакаларга көңүл бурсак, бир нече маанилүү тамактар бар экендигин көрөбүз. Айрыкча америкалыктардын улуттук жана коопсуздук кызыкчылыктары үчүн бул алакалардын мындай төмөн деңгээлде болушунан пайда жок”, – дедиТиллерсон.
Туркистон:
Туура, Трамп шайлоо учурунда да, бүгүнкү күндө Россияга душмандык позицияда болбоду, тескерисинче аны менен дагы да жакындашууну каалай тургандыгын билдирип келет. Трамптын мындай позициясы Путинде Россияга каршы киргизилген санкциялар жоюлат деген үмүт ойготту. А бирок, андай болбоду. Себеби, Путин Сирияда аскерин ишке салып, АКШнын каалоолорун аткарып жатканына карабастан, санкцияга карата АКШнын позициясы мурун кандай болсо, ошол бойдон калды. Ушундан келип чыгып айтуу мүмкүн болгон нерсе, Трамптын дарты Россиядан санкцияларды алып таштоо эмес, тескерисинче, өзү үчүн душман катары белгилеп алган Исламга жана Кытайга каршы Россиянын аскерий күчүнөн пайдалануу. Себеби, Россия экономикалык, сакафий жана саясий жактан алсыз экендигине карабастан, аскерий тараптан кандайдыр бир деңгээлде күчкө ээ. Американын максаты болсо Сириядагы сыяктуу эле, Исламга жана Кытайга каршы Россиянын аскерий күчүнөн пайдалануу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here