Кабирий : Биз Европа уюумдары менен кызматташтык кылышыбыз керек!

288
0

Кабирий : Биз Европа уюумдары менен кызматташтык кылышыбыз керек!

Тажикстан “Исламий ойгонуу партиясы”нын (“хизбун-нахзати исламия”) жетекчиси Мухиддин Кабирий Польшага жасаган сапары учурунда, “Неге тажиктер мекенин таштап кетишүүдө?” деген нааразылык акциясына катышты. Кабири журналисттер суроолоруна жооп берип жатып, партиясынын террористтик топтор катарына кирип калышынын себептерин ачыктады. Польша республикасына караштуу “Gazeta Prawna”га интервью берген Мухиддин Кабирий терроризм тууралуу пикир билдирип, төмөнкүлөрдү айтты:
“Биринчи кезекте, 2010-жылкы шайлоо натыйжасы тууралуу токтолуп өтмөкчүмүн. Күзөтүүчүлөрдүн пикирине караганда, биздин партия ошондо бийликтеги партиядан көп добуш алган, а бирок, иш жүзүндө бизге парламенттен эки гана орун берилди. Тарапкерлерибиздин көптүгү өкмөттү далбасага салып койду. Өкмөт ушуну менен эле чектелип калбай, “нахзати исламия”ны өзүнүн эң башкы оппоненти деп билди жана анын кадырын бүтүндөй түшүрүү үчүн күч сарптады. Тажикстан Коопсуздук Кеңеши 2011-жылы президент кол койгон 3220-жашыруун протоколду кабыл алды. Мындан “нахзати исламия”ны бүтүндөй алсыратуу жана жоюу көздөлгөн эле. Бу протокол биздин қолубузга жетти жана орус маалымат каражаттары аны арты-артынан жарыялашты. Мындан соң өкмөттүн кысым жана куугунтуктары күчөп, “нахзати исламия” ишмердүүлүгү баскычма0баскыч шал абалга жетип келди. Бу жараянда биздин бир нече активдүү өкүлдөрүбүздү камакка алды. Жана акыры, 2015-жылкы шайлоодон кийин “нахзати исламия”нын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.
Gazeta Prawna: – Сиз чет өлкөгө качып кетип үлгүрдүңүз, ал эми сиздин жардамчыларыңыз ичкериде калышты. Алардын башына кандай күндөр түштү?
Мухиддин Кабирий: – эки жардамчым тең өмүр бою камак жазасына өкүм кылынды. Бул өкүмдөн мурун алар Мамлекеттик коопсуздук кызматынын СИЗОсуна киргизилген. Алардан менин жетекчилигимди жокко чыгаруулары жана партиянын туура эмес экендигин айтуулары талаб кылынган. Жада калса, мунун акысына аларга эркиндикке чыгаруу, ири каражат берүү убада кылынган. Бирок, алардын экөө тең буларды катуу четке кагышкандыктан, ушуга дейре убактылуу кармоочу камераларда жатышат. Аларга адвокат жалдоого тыюу салынган жана жакындары менен жолуга алышпайт, ал тургай, эң жөнөкөй медициналык жардам да берилбейт. 30га жакын “нахзати исламия”нын активдүү мүчөлөрүнө 15 жылдан 28 жылга чейинки жаза мөөнөтү белгиленген. Учурда партия мүчөлөрүнөн бардыгы болуп 200 активист камактарда жаза мөөнөтүн өтөшүүдө.
Gazeta Prawna:- Кайсы далилдер негизинде аларды камакка алышты?
Мухиддин Кабирий: – Биздин активдүү мүчөлөрүбүздү өкмөт түрдүү айыптар менен камакка алды, алардын катарында терроризм, экстремизм жана уюшкан кылмыштуу топко таандык деп таап – кала берсе, партияга мыйзам тыюу салбаган доорлордо да – камакка алышты. Мына ушулардан кийин, Жогорку сот партияга тыюу салуу боюнча өкүмүн жарыя кылды.
Мухиддин Кабирий:
Мен Европалык органдар келтирген көрсөткүчтү макулдаймын жана туура түшүнөмүн. Бирок, биз террористтер менен саясий качкындардын арасындагы айырманы билип алышыбыз керек. Бул жаата биз Европа коопсуздук органдары менен жакындан кызматташтык кылышыбыз зарыл. Алар бизге жардам колун созушса жакшы болор эле. Европа, Түркия жана Санкт-Петербургдагы теракттардын бардыгын Орто Азия жарандары амалга ашырышты. Алардын айынан баарыбыз жаманатты болдук. Террористтердин устаздарында жетиштүү илим-билим болбойт. Биз эң оболу башка өлкөгө сапар алган мигранттарга таалим-тарбия беришибиз керек. Муну менен, алар ошол мамлекеттин үрп-адаттарына тезирээк көнүшсүн. Башка тараптан, Исламдын тынчтык жана мээримдүулүк дини экендигин иш жүзүндө далилдеш керек. Ушуну менен Исламдын террорго байланышы жоктугун көрсөтөбүз.
Туркистон :
Хизб ут-Тахрирдин “Хизбий уюшуу” китебинен үзүндүлөр келтиребиз:
“Ислам Мамлекети жок кылынган соң, анын ордун колонизатор ээлеп алды жана араб өлкөлөрүн түздөн-түз башкарып, калган исламий өлкөлөргө таасирин жая баштады”.
“Чындыгында, куфр жана колонизаторлукту бекем орнотууда, ойгонуу ишке ашпашында жана уюшкан кыймылдар – алар коом көрүнүшүндө болобу же партия көрүнүшүндө болобу – ийгиликке жетишпешинде чет элдик сакофаттын үлкөн таасири болгон эле. Себеби, жашоо агымына таасир көрсөтүүчү адам пикирине сакофат чоң таасир этет”.
“Ушуга ылайык, коомдогу мындай чет элдик сакофат менен бирге туура хизбий уюм жүзөгө келиши мүмкүн эмес”.
Колонизатор кафир бу сакофат менен эле чектелип калбады, балким, чөйрөнү саясий жана фалсафий пикир жана раъйлар менен уулады”.
“Чет элдик өз шахсиятын сакофат борбору жана бардыгы умтула турган жай кылып коюуда саясатчылардан да пайдаланып, саясий кишилер же саясат менен алектенүүчүлөрдүн бүткүл этибарын чет элдиктен жардам суроо жана ага сүйөнүүгө каратып койду. Ошондуктан, уюмдардын көпчүлүгү өздөрү сезбеген абалда чет элдиктерден жардам суроого умтула баштады. Натыйжада, Исламий өлкөлөрдө чет элдик мамлекеттерден жардам суроону жактай тургандар чыкты. Негизи, алар чет элдиктен жардам суроо жана чет элдикке таянууну ар кандай колдоп-кубаттоо – мейли, жакшы ниетте болсо да – чет элдик тарабынан ишке ашырылып жаткан уулоо о.э. умматка кылынган хыянат деп этибар кылынышын билишпес эле. Алар өз маселебизди башкаларга байланыштуу кылып коюу саясий өлүм экенин билбей турган болуп калышты. Ошондуктан, пикири чет элдикке таянуу же колдоп-кубаттоо менен ууланган уюмдардын бирөөсүнүн да жүзөгө келишинде ийгилик болушу мүмкүн эмес”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here